Жибердим. Албадым! Матраимовду актаган соттун өкүмү кайда калганы белгисиз

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДокументтерди көтөрүп турган адам. Архив
Документтерди көтөрүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи Май райондук соту өкмөткө эки жолу телефон чалып соттун өкүмүн алып кетүүнү өтүнгөн. Бирок эч ким келген эмес.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун доосун канааттандырган соттун чечими өкмөткө келе элек. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Мирлан Дордоев билдирди.

Белгилей кетсек, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Матраимовдун кызматтан мыйзамсыз алынган деген доосун карап, аны канааттандырган болчу.

"Бүгүнкү күнгө чейин соттун чечими бизге жете элек. Аны колубузга алгандан кийин анализдеп көрүп айтабыз", — деди Дордоев.

Бирок Жогорку соттун маалымат кызматы соттун чечими өкмөткө жете элек деген маалыматты четке какты. Чечим өкмөткө төрт күн мурда эле жиберилгени айтылды.

"Мыйзам боюнча соттун чечимин жооп берүүчү тарап алып кетиши керек. Бирок Биринчи Май райондук соту өкмөткө эки жолу телефон чалып соттун өкүмүн алып кетүүнү айтканда эч ким келген эмес. Мындан улам 27-июль күнү райондук сот чечимди өзү жөнөткөн", — дешти соттон.

Молоток судьи. - Sputnik Кыргызстан
Райым Матраимовдун доосу эмнеге канааттандырылганын райсот түшүндүрдү
Эгер өкмөт соттун өкүмүнө нааразы болсо 30 күндүн ичинде шаардык сотко арыздана алат. Бул аралыкта кийинки инстанцияга кайрылуу түшпөсө Матраимов кайра кызмат ордуна отурат.

Эскерте кетсек, Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен аны кызматтан алган. Кийин Исаков кызматтан кеткенден кийин Матраимов "негизсиз иштен алынганын" айтып, өкмөттү сотко берген. Ал соттон кайра мурунку кызматына турууну суранган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0