Балыкчыда сууга чөгүп кетти деп изделип жаткан жигит аман-эсен табылды

Жазылуу
Аны куркатуучулар түнкү саат экиге чейин издешкен.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында сууга чөгүп кетти деп изделип жаткан 23 жаштагы жигит аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Балыкчынын "Сейил" пляжында 23 жаштагы жигит чөгүп кетти делип, кечээ куткаруучулар аны түнкү экиге чейин издешкен.

"Изделип жаткан жаран 2-август күнү саат 10.00дө пляждагы боз үйлөрдүн биринен тирүү табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта окуянын чоо-жайы айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0