Мигрант тагдыры. Энесине 10 айдан кийин кайтарылган ымыркай

© AP Photo / Pavel GolovkinЫмыркай көтөргөн аял. Архив
Ымыркай көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир айга чукул дарыланууда жаткан эне перзентин көрө алган эмес.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мындан 10 ай мурда Москва шаарында төрөлүп, балдар үйүнө түшкөн бөбөк кайра энесине кайтарып берилди. Бул туурасында Москвадагы Кыргызстандын элчилигинен билдиришти.

Женская исправительная колония № 2 в Мордовии - Sputnik Кыргызстан
Улан-кыздарды кууратты деген компанияга эми Анталиядан арызданышууда
2017-жылдын 19-октябрында Кыргызстандын жараны Москва шаарындагы перинаталдык борборлордун биринде көз жарып, кыздуу болгон. Ымыркай жарыкка келгенден үч күндөн кийин келинди кургак учукка каршы Москва шаардык илимий-тажрыйбалык борборго которушат да, ал жерде бир айга чукул убакыт дарыланат. Ал эми наристе ошол эле күнү аталган калаадагы балдардын №6 инфекциялык клиникасына которулат.

Бир айга чукул дарыланууда жаткан эне перзентин көрө алган эмес. 7-декабрда ошол эле ооруканадан тагдыры чечилип, ымыркай боюнча "Баланы энеси таштап кетти" деген документ түзүлгөн.

Ал эми 5 күндөн кийин райондук ЗАГСтан кызга башка ысым, фамилия берилет да, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазылат.

Бөбөк ымыркай үйүнө жайгаштырылгандан тарта аны кайтарып алуу үчүн кыздын энеси менен КР элчилигинин юристи Москва шаарындагы райондук сотко кайрылган.

"31-июлда Фемиданын райондук өкүлдөрү баланын күбөлүгүнө оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, наристени энесине кайтаруу боюнча доону канааттандырды", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Баланы кайтарып алуу боюнча соттук отурумдарга кыздын энесинин атынан атайын ишеним каттын негизинде КРдин элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи катышып турган.

Элчилик ымыркай бир нече айдан кийин энесине кайтарылганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0