Кыргызстанга Афганистандан келген памирлик кыргыз Ширинбу Абдулбаит кызы. Архив

Сүйүнчү! Памирлик келин Ширинбүбү көз жарды

1381
(жаңыланган 14:02 03.08.2018)
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева ымыркайга азырынча ысым ыйгарыла электигин айтты.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Афганистандан келген памирлик кыргыздардын ичинен бир үй-бүлө уулдуу болду. Бул туурасында Нарын облустук борборлоштурулган ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Барчынай Темирова Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Ширинбүбү Памирли 31-июлда саат 00:30да көз жарды. Баланын салмагы 1978 гр., бою 45 сантиметр. Эненин абалы канааттандырарлык", — деди Темирова.

Ал эми бала айына жетпей төрөлгөндүктөн учурда Нарын облустук ооруканасынын ара төрөлгөн балдардын бөлүмүнө которулганын кошумчалады.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева ымыркайга азырынча ысым ыйгарыла электигин айтты.

Эске салсак, Ширинбүбү Памирли (Ширинбүбү Абдувахит кызы) Кыргызстанга турмушка жаңы чыккандан кийин көп өтпөй келген. Sputnik Кыргызстан студияга чакырып, заманга ылайык, бирок өзүнө туура келген көйнөк кийгизип, макияж коюп, сүрөткө тарткан.

Анда Ширинбүбү күйөөсү Фазылхак Абубакир уулу экөө тең Кичи Памирде туулуп-өскөндүгүн жана Нарын шаарында жаңы жашоо баштагандыктарын айтып берген.

Учурда Нарын облусунда 31 этникалык кыргыз жашап жатат.

1381
Белгилер:
төрөт, Афганистан, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема:
Памирлик кыргыздар (80)
Тема боюнча
Памирге кайткан кыргыздар тажик-афган чек арасын кесип өтүштү. Видео
Памир кыргыздарынын тилеги, сүйүүсү жана калыңы. Боордоштордун ыймандай сыры