"Көз тийбесин, кепка кий" дешет. Эр сайышка түшкөн каскадер Диана менен маек

Жазылуу
Аргымагын алкынтып барып, атаандашын найза менен жыра сайып өткөн оюнчуну тиктеп эле калдык, аңгыча ал көз жак жагы ачык калпагын чечип, узун чачын шамалга силккенде селки экендигин билдик... Кырда тиктеп турган фотограф кесиптеш шаша-буша чырк этмесин жасай калды.

Диана Ашырбаева эр сайышка түшкөндө көбү эркек бала деп ойлойт. Ал үч жылдан бери улуттук ат оюндарын көркүнө чыгарып келет. Кыз куумай менен эр сайышка түшүп, ат үстүндө трюктарды жасайт. 19 жаштагы Диана учурда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюнуна кызуу даярдык көрүүдө.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Диана Ашырбаева менен баарлашты.

© Sputnik / Табылды КадырбековДиана Ашырбаева үч жылдан бери кыз куумай менен эр сайышка түшүп, ат үстүндө трюктарды көрсөтүп келет
Каскадер Диана Ашырбаева  - Sputnik Кыргызстан
Диана Ашырбаева үч жылдан бери кыз куумай менен эр сайышка түшүп, ат үстүндө трюктарды көрсөтүп келет

— Өзүңүз тууралуу азыноолак кеп кылсаңыз?

— Түбүм Ат-Башыдан. Мектепти борбордон окуп, андан ары ушул жерде жашап калдык. Учурда Кыргыз улуттук агрардык унисерситетинин бухгалтерия бөлүмүнүн 2-курсунда окуйм. Апам үч баланы жалгыз тарбиялайт. Агам жана иним бар.

— Спортту таэквондо менен алектенүүдөн баштаган турбайсызбы?

— Ооба, 14 жашыман бери алектенем. Машыктыруучум абдан күчтүү, спорттун көп сырын ачып берди. Үч жыл тынбай машыктым, бирок мелдештерге катыша элекмин. Акыркы жылдары убактым тар болуп залга бара албай жүрөм.

— Сулуулук сынактарына эрте эле аралашыптырсыз.

— Бала кезимен өзүмдү көгүлтүр экрандан көргүм келчү. Алгачкы жолу 15 жашымда "Кыргызстан ханышасы" сынагына катышкам. Жалгыз баргандан тартынып апамды ээрчитип алдым. Бой, келбетим туура келип, жашың кичине деп коюшту. Ага карабай катышып көрдүм, орунга деле илинген жокмун. Бир четинен ыза болсом, бир четинен стимул болду.

АКШда эмгектенген кыргызстандык актер Досберген Козугулов - Sputnik Кыргызстан
АКШ менен Канадада ат ойноткон "Карахан": кыргыз каскадерлорго эч ким жетпейт
Андан кийин университтет, мектептеги сынактарга катышып жүрдүм. Студенттер апама келип катышып беришимди суранышчу. Менде форма, кийим дегендер даяр болчу да.

2016-жылы "Мисс Бишкек" конкурсунда алдыңкы он сулуунун катарына кирип, сынакты уюштурган компаниянын көркү наамын алдым.

— Сулуулук конкурсунун шарт-талабы бир топ эле оор болушу керек?

— Уктабаган, санаа тарткан, кыйналган күндөр көп. Күндө бийик така киесиң. 15 сантиметрлик шиш така менен басчубуз!

Мүнөзү ар кандай кыздар болот. Алар тийиштүү тапшырманы аткарбай койгондо, хореографтар бизди кошуп жазалачу. Жанагы 15 сантиметр шиш така менен отуруп туруп көнүгүү жасачубуз…

© Sputnik / Табылды КадырбековКаскадер Диана Ашырбаева: бизде ат оюндарын тартуулаган кыздар аз, мен өзүм жаңы келгендерге үйрөтүп жатам
Каскадер Диана Ашырбаева  - Sputnik Кыргызстан
Каскадер Диана Ашырбаева: бизде ат оюндарын тартуулаган кыздар аз, мен өзүм жаңы келгендерге үйрөтүп жатам

— Сиз сынакка өспүрүм кезде катышып жатасыз, ал жакта ар кандай курактагы кыздар болот да. Чоңдордон басынтуулар болобу?

— Эң кенжеси болгондуктан мага көп жардам беришчү. Улууларга салыштырмалуу кичүүлөр сынактын жол-жобосун бат өздөштүрүп кетет. Бирок сынак деген сынак экен. 2014-жылкы конкурста эки кыз ынак болуп жүрүп эле бир күнү ортолорун кара мышык аралап кеткен.

Көйнөктөрдү айрып, тытып, помада сүйкөп кеткен учурлар болот. Менин апам дайыма жанымда болгондуктан андай ыплас иштерге кабылган жокмун.

— Акыркы жылдары сулуулар сынагын жыйыштырган экенсиз, кайрадан кайтып келейин деген ой барбы? Кошумча моделдик агенттик, кийим дүкөндөрү менен иштешесизби?

— Мындан ары сулуулар сынагынын салмактууларына катышайын деп күтүп жүрөм. Модель катары иштешүүгө сунуштар деле түшө элек. Өзүмдү ар тараптан жарнамалабайм. Азыр ат оюндарынын машыгуусуна убакыт көбүрөөк жумшап жатам. Командабыз менен алдыдагы Көчмөндөр оюнунда жакшы номерлерди тартуулашыбыз керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековАшырбаева мурда "Кыргызстан ханышасы" жана "Мисс Бишкек" сулуулар сынагына катышкан
Каскадер Диана Ашырбаева  - Sputnik Кыргызстан
Ашырбаева мурда "Кыргызстан ханышасы" жана "Мисс Бишкек" сулуулар сынагына катышкан

— Таэквондо менен машыгып, сулуулар конкурсуна катышып жүргөн кыз кантип ат оюндарына ооп кетти?

— Үч жыл мурда Көлдө каскадерлор менен тартуу иши болду. Ошондо атка минген жакты. Бир жыл бою Ак-кула ат майданына барып жүрүп ар түрдүү атттарды миндим. Мындайча айтканда, жылкы баласына болгон сүйүү ат оюндарына алып келди.

Актердук, каскадердук, режиссерлукту аркалаган Адилет Акматов. - Sputnik Кыргызстан
Каскадер Адилет Акматов: 50дөн ашык жаракат алып, өрттөнүп да кеткем
Командам мага Карагер деген атты бөлүп берген. Мал болсо да ага абдан аяр мамиле жасайм, жан дүйнөсүн түшүнөм. Карагер мага Суусамырдан ачылды окшойт. Адатта машыгуудан кийин аттарды эс алдыруу үчүн минип алып бастырат, мен жерге түшүп алып бастыргам. Андан кийин бири-бирибизге жакын болуп кеттик. Бассак-турсак издешип калдык.

Азыр кыз куумай, эр сайыш боюнча көргөзмө оюндарга катышып, ат үстүндө ар кандай трюктарды жасайбыз. Sky Nomad клубунда, машыктыруучу Улан Жумакматовдун колунда тарбияланам. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын катчылыгы менен иштеп, көргөзмө оюндарды тартуулоо үчүн чет жакка көп чыгабыз. Айтор, ишим өзүмө жагат.

© Sputnik / Табылды КадырбековАшырбаева: баарынан эр сайышты жакшы көрөм. Атаандашымды жыккандан кийин маашырлана калпакты чечип, чачымды жайганда көрүүчүлөр суктанып калат.
Каскадер Диана Ашырбаева  - Sputnik Кыргызстан
Ашырбаева: баарынан эр сайышты жакшы көрөм. Атаандашымды жыккандан кийин маашырлана калпакты чечип, чачымды жайганда көрүүчүлөр суктанып калат.

— Кыз куумай го аялзатка төп келет, эр сайышка чыгуу кыйыныраак го дейм…

— Баарынан эр сайышты жакшы көрөм. "Кожожаш" киносунда Сонун эр сайыштан атаандашын кулатып, күйөөсү Биялыны куткарып алат эмеспи. Биздики дал ошондой оюн.

Мен эр сайышта калпакты толугу менен кийип, эки көзүн жыртып алам. Атаандашымды жыккандан кийин маашырлана калпакты чечип, чачымды жайганда көрүүчүлөр суктанып калат. Ушул учурду абдан күтөм.

Кыз куумай да абдан кызыктуу. Жаңы үйрөнүп жаткан кезде Кегети капчыгайындагы мелдеште утуп, чабандарга кой сойдурган болчумун.

— Көргөзмө оюндар кайсыл бир спортту элге тааныштыруу, жайылтуу, элди тартуу максатында коюлат. Чыныгы мелдештерине катышайын деген ой барбы?

— Бул команда менен машыктыруучудан көз каранды.

— Ат үстүндө трюктарды жасап, өзгөчө жерге салаңдаган жериңер кооптуу көрүнөт.

— Сырттан караган кишиге ошондой эле. Бизге адреналин болуп калган, тескерисинче, ырахат алабыз. Машыгуу учурунда канча трюк жасаба күчү сезилбейт, эл алдында чыкканда ачылабыз.

Бизде ат оюндарын тартуулаган кыздар аз, мен өзүм жаңы келгендерге үйрөтүп жатам.

© Sputnik / Табылды КадырбековДиана Ашырбаева: улуттук оюндарды өздөштүрүп бүтүп, акыркы кезде каскадерлукка басым жасап жатам.
Каскадер Диана Ашырбаева  - Sputnik Кыргызстан
Диана Ашырбаева: улуттук оюндарды өздөштүрүп бүтүп, акыркы кезде каскадерлукка басым жасап жатам.

— Анда жаракат алган учурларыңар көп болсо керек.

— Кудай сактасын, олуттуусу жок. Биз коопсуздукдуктун алдын алганда эле кырсык болот. Бир ирет Түркияга барганда машыктыруучу тез жардам кызматын чакыртып койду эле, оюнчунун омурткасы сынып кеткен.

— Каскадер катары кинолорго тартылайын деген ой барбы? Маселен аскадан секирип, өрттүн ортосунан чыгып дегендей?

— Улуттук оюндарды өздөштүрүп бүтүп, акыркы кезде каскадерлукка басым жасап жатам десем болот. Ат үстүндө көп трюктар бар, мен анын 5-6сын гана билем. Буюрса аракет кылып кыялдарымды ишке ашырам. Буга чейин актриса катары чакан клип, кинолорго тартылгам.

— Кыз-келиндердин ат үстүндө оюн көрсөткөнү кооз көрүнөт. Сиздин сулуулугуңузга сук арткандар көп болсо керек.

— Түркиядагы этно-фестивалдарга көп барабыз. Кыз куумай менен эр сайышты атайын иш-чаранын акырында тартуулайбыз. Оюндан кийин элдин кучагына бөлөнүп, сүрөткө түшүп кол бошобой эле калат. Андай учурда жанымдагы байкелерим "жүрү" деп алып кетишет. Кээде кыйналып, ооруп калам. Агаларым "сага көз тийди, кирене кирди, бетиңди көрсөтпөй кепка кийип алчы" деп санаа тартышат.

— Ал жактан таанышалы дегендер да болдубу?

Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Манас Ниязов: аябай ызаланып калгам, бул мелдешти сөзсүз утуш керек болду
— Түркияда кыргыз кыздарына көп суктанышат экен. Оюн учурунда өзүмдү жаман сезгендиктен тез жардам кызматын чакырттык. Алар укол саймак болду. Негизи дарыгерге көрүнүп жатканда аты-жөнүңдү жазасың го. Мен кагазды толтуруп берсем, дарыгер шыпылдап Facebook мени издеп таап, кайра мага ушул сенби деп көрсөтүп жатпайбы. Номеримди сураганынан берген эмесмин, анан мен чалчудай болуп өзүнүкүн кагазга жазып туруп чөнтөгүмө салып берди (күлүп).

— Instagram тармагында аккаунтуңуз бар экен, ал жактан дагы жылуу сөздөрүн арнагандар арбын болсо керек. Деги эле жандаган адамыңыз барбы?

— Интернет тармагынан таанышам дегендер бар. Орундуу жазгандарга жооп берем. Негизи азыр окууга, спортко көбүрөөк убакыт жумшап, жеке жашоого көңүл деле бурган жокмун.

— Биринчи эле көзгө шыңга боюңуз урунат экен, ага кошул-ташыл улуттук кийимдерди кийгенде жүзүңүз жарк эте түшкөндөй.

— Сулуулар конкурсуна эртелеп катышканымдын да себеби боюмдун узундугу болду. Сиз айткандай, мени улуттук кийимдер ачат. Бир тасмага дублерша болуп калдым. Ага модель кыз тартылмак экен. Мен ошол жактагы улуттук кийимдерди жөн гана кызыгып кийип көрдүм. Четте турган режиссерлор күбүр-шыбыр эле болуп калышты. Алар көрсө мени тарткылары келиптир, бирок модель кызды таарынтышкан жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековАшырбаева учурда Кыргыз улуттук агрардык университетинин бухгалтерия бөлүмүнүн 2-курсунда окуйт
Каскадер Диана Ашырбаева  - Sputnik Кыргызстан
Ашырбаева учурда Кыргыз улуттук агрардык университетинин бухгалтерия бөлүмүнүн 2-курсунда окуйт

— Мелдешке катышканыңыз үчүн акча төлөп беришеби? Деги эле каражатты кайдан табасыз?

— Төлөп беришет. Каражат табаарым менен өзүмө улуттук калориттеги кийимдерди алам. Дизайнын өзүм ойлоп табам, тикмечилерге даярдап берем. Кышка жуук акча тартыш болуп калат эмеспи, кафелерде иштей коем.

— Беш жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Жооп берүү кыйын. Өзүмдү жакшы адамдардын курчоосундагы ири чөйрөдө көргүм келет. Жаштын тилегин берет дейм, ой-максаттарым арбын.

Жаңылыктар түрмөгү
0