Учак. Архив

Кыргызстандын Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен качан чыгары айтылды

271
(жаңыланган 13:43 04.08.2018)
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан гана көп жылдан бери ал тизмеден чыга албай келет.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстан 2019-жылдын башында Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен чыгат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда министрлик зарыл болгон иш-аракеттерди көрүп баштаган.

"Убагында бизге келген эл аралык аудиторлордун берген актысына тиешелүү жооп даярдаган эмеспиз, каржы маселесин да чечкен эмеспиз. Андан сырткары, керектүү адистерди тандай албай калганбыз. Ошентип жүрүп КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эле кара тизмеден чыга албай жүрөт. Биз азыр анын себептерин так аныктап, кайсы талаптарды аткаруу керектигин аныктап жатабыз. Буюрса, 2019-жылдын биринчи кварталында ал тизмеден чыгабыз", — деди Калилов.

Министр бул жаатта атайын план иштелип жаткандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, кара тизмеге Эл аралык жарандык авиация уюмунун талабына жооп бербеген өлкөлөр кирет. Ал мамлекеттердин учактарына Европа Биримдигинин аба мейкиндигине кирүүгө тыюу салынат.

271
Белгилер:
министр, кара тизме, Авиация, Жамшитбек Калилов, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда сойкулар канча табат? Бийлик алардын кирешесин эсептемей болду
Кыргызстанда кимдин тик учагы бар? Тизме
Рейхстагдын байкоо жеринде кишилер. Архив

Германия Кыргызстандын карызын кечет, бирок бир шарты бар 

116
(жаңыланган 00:11 27.01.2021)
Өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия макулдугун берди.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.

Руководитель Управления государственным долгом при Министерстве финансов Руслан Татиков во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.

Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.

116
Белгилер:
Руслан Татиков, Тышкы карыз, Германия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан карыз төлөөнүн эң жогорку чегине качан жетет? Расмий жооп
Каракол шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына берилген Toyota Land Cruiser Prado

Ысык-Көл: медиктерге берилген жолтандабас президенттин иш башкармалыгында жүрөт 

88
(жаңыланган 22:57 26.01.2021)
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.

Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.

Ал эми президенттин маалымат кызматы окуянын чоо-жайын тактап берүүнү убадалашты.

Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.

88
Белгилер:
белек, автоунаа, Каракол
Тема боюнча
Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду
Коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчи 11 млн. сом төлөп үй камагына чыкты