Компьютерде иштеп жаткан кызматкер. Архив

Шылтоонун сазайын бересиңер го, чиркин! Маалымат катчылар кыжырды кайнатканда

882
(жаңыланган 09:47 07.08.2018)
Ар бир мамлекеттик органдын, жада калса жеке менчик мекеменин да өзүнүн маалымат кызматы болот. Анда иштеген катчылар ал жайдын (шефинин да) жаманын жашырып, жакшысын ашырып кабар таратат. Журналисттер алар менен байланышып, керектүү маалыматтарды алат, жетекчилерин эфирге чакырат.

Маалымат катчылары мыкты болсо ошол мекеменин жасаган иши өз казанында кайнай бербей коомчулукка чыгып турат. Алар менен журналисттер тыгыз байланышта болот. Сурооңо шакылдап жооп узатып, жагымсыз окуя болсо моюнга алып түшүндүрмө берип турган маалымат катчылар бар. Ошентсе да, баары эмес кээ бирлери журналисттердин көкөйүнө көк таштай тиет. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет журналисттердин жанын кашайткан маалымат катчылардын жоруктарын тизмектейт.

Кылым бою бошобогондор. Айрым маалымат катчылардын такыр эле убактысы жок, байланыша албай эки көзүң төрт болот. Бир күндө 33 жолу чалып гудокко коюлган музыкадан башка үндү укпаган учурлар көп. Апам айткандай, "чалганда албасаң телефонду эмне көтөрүп жүрөсүң?!" Мен базарда картошканын баасы канча экенин же көйнөгүн кайсы дүкөндөн алганын билиш үчүн эмес, жумуш тууралуу чалып жатам го. Таң калам, бир күн кечке телефон караганга кантип убакыт болбосун. Кабыл алынбаган чалууну көрүп кайра байланышка чыгуу деген түшүнүк жокпу? Андайда "керек болсом өзү чалсын" деп жигитине назданган кыздар эсиңе түшөт. Эгер кайдан-жайдан ооматың келип байланышып калсаң, оозунун желин аягансып "ал тууралуу оозеки айта албайм кат түрүндө расмий жөнөтүңүз" дегенде күйүп кетесиң го. Бир күнү жетекчиси жаза басып, катуу сындап койсоң булуттан чыккан айга окшоп сени издеп калат.

Убакыт менен келишим түзүп алдыңар беле?.. Маалымат катчылар убакытты создуктурганды жакшы көрөт. Бир маселеге түшүндүрмө берүүнү сурасаң кечирип кой… Андан көрө сүйүктүүңө барып колун сурасаң эртерээк жооп аласың. "Сурап билейинчи, бул боюнча менин да маалыматым жок экен, жумушта эмес болчумун, номериңизди калтырыңыз кайра чалып коём" деген сөздөр көп катчылардын даяр "шаблону" болуп калган. Журналист материалын эрте бергенге шашат, убактысы өтүп кетсе кайра чалбай калат дейби, ар кандай шылтоону айтып убакытты созгонго аракет кылышат. Унчукпай жеңүү "фишкасына" айлангандай. Бирок канча качсаңар да баары бир жооп берүүгө туура келет. Андан көрө башында эле марттык кылуу дурус болот.

Тил маселеси. Маалымат катчыларды кандай критерий менен жумушка алышат билбейм. Бакыйган бир мамлекеттик мекемеде отургандарга чалсаң кыргызча билбей кууратат. Сайтына жарыялаганы да, тараткан пресс-релизи да расмий тилде. Мындан улам өлкөдө кыргызча түшүнбөгөн адамдар көбөйүп кеттиби же кыргыз тилдүү маалымат катчылар ушунчалык дефицит болуп жатабы деген ой жаралат. Уялып коёюн дебейт "Саламатсызбы!" деп баштасаң "Здравствуйте, говорите по русский" дегенде жашооңо нааразы болуп кетесиң. Урматтуу жетекчилер, кыргыз тилдүү катчыларды таппай жатсаңар биз жардам береличи.

Шылтоонун сазайын бергендер. Ооба, шефиңерге чаң жугузбоо милдетиңер экенин билем. Бирок анчейин эле образга кирип кетпегилечи, сураныч! Салмактуу суроо берсең, кеңешкени кетимиш болот да ошол бойдон жок. Маалымат катчынын сөзүнө ишенсең, шефи эртеден кечке буту-бутуна, колу-колуна тийбей өлкөнүн өнүгүүсү үчүн тытынып чоң иштерди жасап жүрөт. Журналисттердин суроосуна жооп берүүгө такыр убактысы болбойт. Баса, өткөн күнү бир катчынын абийири айрандай төгүлдү. Байкуш жок дегенде телефонду бери жактагы кишиге угулбай турган режимге коюп алса болмок. Шефинин "чыгып кетти деп койчу", "Запарили", "жооп даярдап койгула дебедим беле!" дегени даана угулуп калбадыбы. Ушинтип атсаңар анан кантип ишенебиз?.. Кээде бир нерсе болуп кетип эл ызы-чууга түшүп жатса түнү болсо да чалууга туура келет. Анда жумушта эмес экенин бетине кармап, маалыматты тактай албасын айтат. Сыртта ызы-чуу болуп жатса кантип тынч укташат түшүнүү кыйын.

Маалымат жазганды кайдан үйрөндүңөр эле?.. Мекеменин маалымат кызматы кандайдыр бир маалыматты жазып ЖМКларга таратса ал пресс-релиз деп аталат. Кээде ошол пресс-релиздерди окуп жатып мээң түтөп кетет. Жолдо баратып эле талаа-түздү аралап кеткендей. Эки барак жазса анын 4-5 сүйлөмү эле маанилүү. Сөз айкашын түзгөндү кайдан үйрөнүшкөн билбейм, окуганда түшүнө албай жарым саат турасың. Кептин төркүнү эмнеде экенин так кесе жазып, ирети менен тизип койсо жакшы го. Кээ бирлери жөнөткөн пресс-релизинде жетекчисин мактап бүтө албайт "эл абдан ыраазы болду, батасын берди, ишине ийгилик каалады" деп эле жаза беришет. Эл аны жанынан көргөнүнө сүйүнүп төбөсү көккө жетип жатабы же алгылыктуу бир иш жасадыбы, ошону белгилеп койгулачы. Айткан ооз да уялбай турган болсун!

882
Белгилер:
кесип, маалымат катчысы, журналист, Кыргызстан
Тема:
Кыжырды кайнаткандар (57)
Тема боюнча
Телефонду өчүрбөгүлөчү! Журналисттин кыжырын кайнаткан 8 учур