Бал челек кармайм, мал багам, ат минип улакка түшөм. Муфтий менен маек

© SputnikКыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев ажылыкты уюштуруудагы коррупция, Чубак ажынын ишмердигине болгон көз карашы, чет жактан диний билим алып жаткан кыргызстандыктар жана өлкөдөгү түрдүү агымдар ортосундагы айрым пикир келишпестиктер тууралуу айтып берди.

— Бишкек шаарына Борбор Азиядагы эң чоң мечиттердин бири салынып жатат. Анын курулуш иштери дээрлик аяктап калганын ЖМКлар жазышты. Ушул мечит качан ачылат, анын өзгөчөлүгү эмнеде? 

— Азыр элдин баары ушул мечиттин ачылышын күтүп жатат. 2012-жылдан бери Түркиянын "Дианет" фондусунун каржылоосу менен курулуп, 25 миллион доллар сарпталды. Бишкектин мэриясы 3,5 гектар жер бөлүп берген. Буюрса абдан кооз болуп, Осмон импераиясынын архитектурасы менен салынды. Мечиттин узуну 100 метр, туурасы 50 метрди түзөт. Үстү жабылган жерде 8 миңге чейин киши жаанда, карда калбай бир убакытта намаз окуй алат. Ал эми жаан-жачын болбосо 20 миңге дейре киши батат. Түрк эли кыргыз элине ушундай белек тартуулады. Мечит төрт мунаралуу, ар биринин бийиктиги 70 метрге жетет. Мечитке жайнамаздардан бери алып келинди. Азыр документтештирүү аракеттеринин жарымы бүттү. Кээ бир келишимдер макулдашылып, анан бекитилиши керек экен. Ошолор бүтүп калса ачылышы болот. Түркиянын президенти Кыргызстанга Көчмөндөр оюндарына келет деп жатат. Буюрса ошону утурлай 2-сентябрда ачылышы болот деп үмүттөнүп жатабыз. Бишкек мэриясы мечиттин айланасындагы арыктарды, тротуарларды жасап даяр кылып койду. Мечитке ысык, муздак суу киргизилди.

© Sputnik / Михаил ДудинРеспубликалык борбордук жаңы мечит
Новая центральная мечеть Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Республикалык борбордук жаңы мечит

Архитектуралык кооз имарат Кыргызстанга көрк болду десек болот. Сырттан келгендерге да мактанып көрсөтө турган жай имам Аль-Сарахсий атындагы республикалык борбордук мечит деп аталды. 

— Буга чейин муфтият Кыргызстандын аймагында салынган ар бир мечит атайын каттоодон өтө турганын айтып, бул багытта иштер жасалып жатты эле. Учурда канча мечит каттоого алынды, кандай талаптар коюлууда?

Кыргызстанда эмдөөдөн баш тартуу - Sputnik Кыргызстан
Диний ишенимден улам эмдөөдөн баш тарткан аймактар. Инфографика
— Кээ бир райондордогу мечиттер толук каттоодон өттү. Айрымдарын каттоого алуу иштери жүрүп жатат. Эми 90-жылдардан кийин көпчүлүк мечиттер ашар жолу менен архитектуранын талаптарына жооп бербестен салынып калганын туура түшүнүү керек. Айрымдары имарат курууга болбой турган жерге салынып калса, кээсин демөөрчүлөр куруп берип коюп эле каттоого туруу маселесине көңүл бурушкан эмес. Бүгүнкү күнү 2457 мечит каттоодон өттү. Бул жакшы көрсөткүч. Азыр 380 мечит каттоодон өтө элек. Бир канчасынын каттоодон өтүү үчүн документтери да даяр болуп калды. Ашар жолу менен курулуп, архитектуралык талаптарга жооп бербеген мечиттердин ордуна жаңы мечит салалы деп сунуш бергенбиз. Анткени жер титиреп жана башка кырсык учурунда адамга да зыян келип калышы ыктымал. Мечит салам деген демөөрчүлөр болуп калса аларга дагы ушул нерсени сунуштап жатабыз. Мечиттери каттоодон өткөрүп мыйзамдаштырып коюу өтө маанилүү.

— Кыргызстанда мектепке караганда мечиттер көп курулуп жатат деген сындар көптөн бери эле айтылып келе жатат. Мечиттер муктаждыктан улам көп салынып жатабы? Же бул "мечит салдым" деген мактанычпы?

— Биринчиден, мечит менен мектепти салыштырууга болбойт. Мечитти жеке адамдар салат, анан калса ал бир эле бөлмө. Мектепте бери болгондо эле 50 бөлмө бар. Эгер ушундай салыштыра турган болсок мектеп көп. Бирок негизинен салыштыруу жакшы эмес. Себеп дегенде экөө тең адамдын аң-сезимин өстүрө тургандан кийин бул канаттуунун эки канатындай. Бизде мечит менен мектептер көбөйүп, сапаты жагынан өссө, ошол мамлекеттин келечеги жана ийгилиги болот деп айтат элем. Ошондуктан экөөнү салыштыруу туура эмес. Мечит менен мектептин көбөйгөнү мамлекетибизге пайда гана алып келет. Анткени адамдардын акылы өсүп, агарганы бул эң чоң нерсе. Мечит казино же араккана эмес да. Ал адам руханий жактан азыктана турган жер болуп жатпайбы. Андыктан биз эки жайды салыштырып, бирин кемсинтип айтканыбыз жакшы болбойт.

© SputnikКыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев
Муфтий мусульман КР Максат ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев

— Медреселерде окуган жаштар диний билимден тышкары кесиптик билим да алышууда. Анын жыйынтыгы кандай, кесиптик билимдин пайдасы тийип жатабы?

— Албетте. Бул долбоор үч жылдан бери АВЕП уюму тарабынан ишке ашырылып жатат. Башында сынамык катары Бишкек менен Ош шаарындагы медреселерге киргизгенбиз. Андан кийин Жалал-Абадды коштук, азыр Нарын менен Ысык-Көл дагы кирди. Мурда диний билим менен гана чектелген болсо, азыр 5-6 жылдан кийин кесиптик билимге дагы ээ болуп жатышат. Азыр шаарда адискөй сантехниктер жетишпейт. Эгер ишиңиз чыгып кайрылсаңыз 15 күндөн кийин бош убактысы болорун айтышат. Балдарыбыз ушундай кесиптик билим алып башташты. Андыктан медреселерибиз жаңы доорго, этапка кадам таштап жатат. Кыргызда жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деген жакшы кеп бар эмеспи.

— Медреселердеги билим берүүнү реформалоо керектиги буга чейин да айтылды эле. Учурда бул маселе боюнча кандай аракеттер аткарылып жатат?

Праздничный намаз в честь Курман айта. - Sputnik Кыргызстан
Абдышүкүр Нарматов, муфтий Токтомушев, Чубак Жалилов кайдан окуп келген. Иликтөө
— Мугалим сапаттуу болсо окуучулар да билимдүү болот. 2013-жылы Рахматулла ажы Эгембердиев муфтий болуп турганда Аалымдар кеңешинин чечими менен медреселерде билим берүүнүн бирдиктүү программасы кабыл алынган. Ошону бүгүн биз ишке ашырып, бекемдеп жатабыз. Азыр Кыргызстандагы медреселерде ханафи масхабынын сабактары окутулат. Медреселерди бүткөндөргө диплом берилип, балдар сынактан өтүп жатышат. Араб тили боюнча аль-Азхар университетинен мугалимдер келишим аркылуу келип, окуучуларга куран, хадистен терең билим берип, араб тилин да үйрөтүп жатат. Бул да болсо сапатты көтөрүүгө болгон аракеттер. Андан сырткары, медреселердин директорлоруна жана имамдарга түрдүү семинар, тренингдер өткөрүлүп турат.

— Билим берүү демекчи, чет жакта диний билим алып жаткан кыргызстандыктар тууралуу так маалымат барбы? Кыргызстандын жаштары негизинен диний билимди кайсы мамлекеттерден алат?

— Бизде бул боюнча так маалымат жок. Анткени мурунтан бери демократиялык тандоо болгондуктан көпчүлүк Саудияга, Египетке, Пакистанга, Бангладешке, Түркияга, Иранга, Сирияга кеткен. Иордания, Малайзияга, Түштүк Африка республикасына барып окуп келип жатышат. Ошолордун бардыгына Кыргызстанга келгенден кийин "динге кызмат кылам десең ханафи масхабды окуп кел" деген бир гана талапты коюудабыз. 13-кылымдан бери биздин эл ханафи масхабын карманып келген деп түшүндүрүп жатабыз. Ар бир мамлекеттин өзүнүн өзгөчөлүгү, баалуулуктары бар. Келечекте чет жактагы университеттер менен келишим түзүп, студенттерди жиберели деген пландар бар.

Мен өзүм да чет жакта окуган студенттерге барып жолугуп турам. Саудияда билим алып жаткандарга барып, Кыргызстанда диний чөйрөдө мамлекеттик саясат кандай, диний кызматтар кандай болуп жатканы боюнча айтып, түшүндүрүп турам. Египетке, Пакистанга, Түркия, Кувейт, Татарстанга да барып ушундай эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдим. 

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМуфтий Максат ажы Токтомушев Кувейттеги билим берүү мекемесине барып, кыргызстандын студенттер менен жолукту
Визит муфтия КР Максат ажы Токтомушева в Кувейте - Sputnik Кыргызстан
Муфтий Максат ажы Токтомушев Кувейттеги билим берүү мекемесине барып, кыргызстандын студенттер менен жолукту

— Ар бир мамлекеттин айрым өзгөчөлүктөрү бар дебедиңизби, кыргызстандыктар диний билим алып жаткан мамлекеттер ханафи масхабын карманабы? Ал жактан окууну аяктап Кыргызстанга келгенден кийин алардын ортосунда карама-каршылыктар чыкпайбы?

— Туура айтасыз, бул өтө маанилүү нерсе. Шиа багытында окуп кеткендер дагы бар, аны моюнга алып айтышыбыз керек. Салафи багытында да окугандар бар. Андай багытта окуп келгендердин бешенесине бул мындай билим алган деп жазып койбойт экен. Бирок анын сүйлөгөн сөзүнөн, окуган китептеринен, жүрүм-турумунан, насааттарынан кайсы көз карашта экени байкалып калат. Андайларга дароо чара көрүп жатабыз жана көрө беребиз.

— Өзүңүз диний билимди кайдан алгансыз? Светтик билимиңиз барбы? Эл ичинде сизди салафизмди колдойт дегендер да бар. Бул боюнча пикириңиз кандай?

— Мен Пакистанда ханафи масхаб боюнча жети жыл окудум. Мүмкүн болушунча тереңдетип окуганга аракет кылдым. Мындан тышкары, Айыл чарба институтунун зоо-инженерия факультетин 1995-жылы аяктагам. Кесибим боюнча зоо-инженермин. Өзүм бал менен мал чарбасына дагы кызыгам, диний кызмат менен бирге бал челек кармап, мал багам. Үй-бүлөнү да багуу керек дегендей. Биздин жайгашкан жерибиз да чарбачылыкка ыңгайлашкан.

Член Совета улемов республики теолог Кадыр Маликов - Sputnik Кыргызстан
Маликов: сүннөттөр менен шииттердин пикир келишпестиги Кыргызстанга өтө баштады
Эми салафизмди колдойт деген пикирлер тууралуу. Бүгүнкү күнү чыныгы ислам дининин түзүлүшүнө залакасын тийгизбеген, ага көмөк көрсөткөн, мамлекетибиздин кызыкчылыгына зыянын тийгизбегендердин бардыгын колдойбуз. Мисалы тынчтык үчүн, биримдик үчүн десе биз бардыгы менен кол кармашабыз. Ошол эле учурда айрымдардын ишенимин колдой албайбыз. Мисалы, салафизмде Алла Тааланы аршта (бир нерсенин үстүндө — автор.) отурат деген сыяктуу диний өзгөчөлүктөр бар, алар менен макул эмеспиз. Ал боюнча өзүбүздүн пикирибизди, оюбузду, далилибизди айтабыз. Ошол эле кезде бизде дин тутуу эркиндиги камсыздалган, башка бирөөгө бир нерсени таңуулаганга, мажбурлаганга дагы укугубуз жок.

Бир нерсени эске алып коюшубуз керек, эгерде кимдир бирөөнүн көз карашы мамлекеттик түзүлүшкө, Конституцияга каршы келсе, туура эмес иш кылган болсо мыйзам алдында жооп берет. Эгер бир киши салафи багыты боюнча намаз окуйм десе биз аны мажбурлап ханафи масхабы боюнча оку дей албайбыз. Анткени мажбурлоо динде да, Конституцияда дагы жок. Эгер бир киши намаз окубайм десе аны да мажбурлай албайбыз. Биз диндин баалуулуктарын айтып, элге туура жолду көрсөткөнгө гана милдеттүүбүз. Ал эми туура жолго салуу Алланын колунда. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМаксат ажы Токтомушев: бир нерсени эске алып коюшубуз керек, эгерде кимдир бирөөнүн көз карашы мамлекеттик түзүлүшкө, Конституцияга каршы келсе, туура эмес иш кылган болсо мыйзам алдында жооп берет
Около сотни тысяч верующих пришли праздничный Айт Намаз в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Максат ажы Токтомушев: бир нерсени эске алып коюшубуз керек, эгерде кимдир бирөөнүн көз карашы мамлекеттик түзүлүшкө, Конституцияга каршы келсе, туура эмес иш кылган болсо мыйзам алдында жооп берет

— Азыр суроону битир-садага тууралуу бергим келип жатат. Кыргызстанда битир-садага бергендер да жылдан жылга көбөйүп жатат. Ошол каражаттар кандай бөлүштүрүлөт?

— Акыркы күндөрү битир-садаганы молдолор жейт, муфтият, муфтий жейт деген жалаалар чыгып кетти. Бул боюнча да айтып коюшум керек. 2014-жылы муфтий болуп келдим. Мен келгенге чейин Кыргызстан боюнча 9 миллион сомго чейин чогулчу. 2014-жылы 21 миллион, 2015-жылы 30 миллионго жетиштик. Европада кайрымдуулук боюнча баа бере турчу уюмдар бар экен, алардын баалоосу боюнча 2016-жылы биз 83-орундан 17-орунга чыктык. Ал уюм өз отчетунда кайрымдуулуктун басымдуу бөлүгү ошол битир-садагадан берилет деп жазылган. Учурдан пайдаланып элибизге ыраазычылык билдирип, рахмат айтып койгум келет. Мына быйыл Кыргызстан боюнча 36 миллион 792 миң 202 сом топтолду. Бул каражаттын бардыгы түздөн-түз муфтиятка келбейт. Чогулган битир-садаганын 50 пайызы ошол мечиттерде калат. Мечиттегилер ошол айылдагы муктаждарга, жетим-жесирлерге таратат. 36 миллиондун 18 миллиону жергиликтүү мечиттерде калат десек болот. Ал эми 15 пайызы райондук хатибиатка келип, ошол жерден муктаждарга берилет. 15 пайызы облустук казыяттарга, 20 пайызы муфтиятка келет. Муфтият аны үч категория боюнча муктаждарга бөлүп берет. Биринчиси — коомдук уюмдар, мисалы жетимдер, майыптар үйлөрү бар. Андан сырткары, жеке арыз менен кайрылгандарга беребиз, медреседе окугандарга стипендия катары берилет. Эмне үчүн медреседегилерге деген да суроо болушу мүмкүн. Анткени медреседе окугандар башка жогорку окуу жайда окугандардай стипендия албайт. Ошондуктан жылына медреседе окугандарга бир жолу 700-800 сомдун айланасында кичине болсо да каражат беребиз. Элдин аманатын кайта эле муктаждарга кайтарып беребиз. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБыйыл Кыргызстан боюнча битир-садагадан 36 миллион 792 миң 202 сом топтолду
Праздничный айт-намаз на старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстан боюнча битир-садагадан 36 миллион 792 миң 202 сом топтолду

— Социалдык тармактарда муфтиятта иштеген айрым кызматкерлер заңгыраган үйлөрдө жашап, акыркы моделдеги машиналарды тээп жүрөт, булар акчаны кайдан алат деп жазып калышат. Муфтияттагы айлык акы канча?

— Жакшы суроо бердиңиз. Муфтият мамлекеттен каржыланбайт. Азыр муфтиятта иштеген 198 диний кызматкер айлык алат. Ушулардын бардыгына Социалдык фондуга төлөмдөр төлөнөт. Акыркы төрт жылдан бери жылына 670 миң сом төлөнүптүр.

Андан тышкары, жылыга ажылыкты уюштурууда зыяратчыларыбыз ыраазычылык катары, жардам катары, соопчулук катары муфтиятка чөнтөгүнөн чыккан каражатын беришет. Ошонун отчетун Аалымдар кеңешине, коргоо кеңешине жана дин иштери боюнча комиссияга беребиз. Жогоруда айткан 198 киши — муфтияттын, казыяттын кызматкерлери, аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, борбордук текшерүү комиссиясынын өкүлдөрү. Алардын ар бирине карточка аркылуу жеке эсебине айлык иретинде акча которулуп турат. Мен өзүм айына 22 500 сом алам.

Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эргешов: ала качууда босогого жатып алган кемпирди аттап кеткен күнөө эмес
Айрымдар араб фондуларынан акча түшөт деп айтып жүрүшөт. Ачыгын айтыш керек, андай нерсе жок. Жардам берем деп келгендер Юстиция министрлигинен катталып, анан өзүнүн ишмердигин кылат. Биз аларга багыт гана беришибиз мүмкүн.

Андан сырткары, "Ыйман" фондусуна да рахмат айтыш керек. Эки миңден ашык имамыбызга эки жылдан бери ай сайын беш миң сомдон стипендия берип жатат.

Ал эми муфтиятта иштегендер заңгыраган там салды, машина алды деп жаткандарга айтаарым, элде "жегениң адал болсо, көчөгө чыгып алып же" деген жакшы сөз бар. Бирөөнүкүн уурдабасаң, тартып албасаң, арам жол менен таппасаң, маңдай териң менен тапкан каражатка машина алабы, учак алабы, өз эрки да. Эгер бул киши мына бул жерден уурдады деп далили менен алып келсе мамлекеттин алдында, элдин алдында жооп берет. Эгер өзүнүн маңдай тери менен тапса, же кимдир бирөө белек кылган болсо ал башка кеп.

Стипендия берилбей жүргөн убакта деле дин кызматкерлерибиз жакшы эле жашап келген. Молдокелерибиз машина алып, үйлүү болушкан, көчөдө калган эмес. Дин кызматкерлерибиздин эл колдогон жактары бар. Кээси бак өстүрөт, өз жөндөмүнө жараша ишин жолго коюп алгандар да бар. 

© SputnikМуфтий: айрымдар муфтиятка араб фондуларынан акча түшөт деп айтып жүрүшөт. Ачыгын айтыш керек, андай нерсе жок
Муфтий мусульман КР Максат ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Муфтий: айрымдар муфтиятка араб фондуларынан акча түшөт деп айтып жүрүшөт. Ачыгын айтыш керек, андай нерсе жок

— Буга чейин ажылыкты уюштурууда коррупциялык иштер болгонун ЖМКлар жазышкан. Быйылкы уюштуруу иштери кандай болду?

— 2014-жылдан бери Түркия менен Малайзиянын тажрыйбасын эске алып, квоталарды бөлүштүрүүдө эл жашаган аймактардагы калктын саны боюнча статистикалык маалымат эске алынып, Сауд Аравиядан берилген орундар элдин пайыздык катышына жараша бөлүнүп келген. Бир дагы квота сатылбайт, бир да жаран "мен сатып алдым" дей албайт. Быйыл 5485 квота берилди, аны да ошентип бөлүп бердик.

Андан сырткары, Түркиянын электрондук чучукулак системасын колдонуп кыйла ийгиликке жеттик. Мисалы Түркияда ажылыкка жылына 70 миң киши бара турган болсо, кезекте 1,5 миллиондон ашык киши турат. Бир кишинин кезеги 10 жылда араң келиши мүмкүн да. Ошондуктан Түркияда электрондук чучукулак бар. Биз да 2014чү, 2015чи, 2016-жылы ушундай чучукулак кылдык. 2017-жылдан баштап кадимки тизме киргиздик. Азыр акчасын төлөгөн 1500 киши кезекте турат. Кудай буюрса кийинки жылы алар ажылыкка барат. Бул жерде ортомчулар аркылуу тизмеге кирип кеткендер болушу мүмкүн дегендер да бар. Ачык айтайын, андай мүмкүнчүлүк такыр жок. Анткени бардыгы электрондук каттоо аркылуу жүрөт. Андыктан квота боюнча жарыя берилгенде акчасын өз учурунда банкка төлөгөн киши кезекке турат. Ал автоматтык түрдө биздин серверге келип түшүп, төлөгөн сааты мүнөтү жана секундасына чейин жазылат. Мына, электрондук системаны киргизүү менен коррупцияга бөгөт коюлду.

— Акыркы кезде якын-инкарчылар тууралуу маалыматтар байма-бай жазыла баштады. Ысык-Көлдө, Бишкекте бар экен, алар балдарын мектепке жиберишпейт деп жатышат. Учурда өлкөдөгү түрдүү агымдар ортосунда түшүнбөстүктөр барбы?

Мечеть Айя Софья в Ганновере, на севере Германии - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: диний окуу жайларына бакалавр, магистратура деңгээлдерин киргизүү керек
— Бар. Мисалы көлдөгү окуя боюнча. Ал вакцинациядан башталып кетти. Мурда эмдөө деп коёт элек. Поликлиникага барып эле эмдетип койчубуз. Вакцинация боюнча мен-мен деген россиялык жана европалык профессорлор дагы түрдүү пикирлерин билдирди. Айрымдары пайдасы тууралуу айтса, экинчиси аны төгүнгө чыгарып жатат. Бул жерде медицина тармагындагылар дагы бир тыянакка, пикирге келбей жатышпайбы. Эгер бардыгы макул болсо, эл арасында дагы ажырым болбойт эле. Динди тутунгандар гана вакцинациядан качып жатат дегендер бар, андай эмес, динди тутунбагандар деле вакцинациядан баш тартып жатышат. Бул боюнча мага дагы кайрылышты. Мен аларга "муну бизде Саламаттык сактоо министрлиги кепилдикке алган" деп айттым. Менин алгыла же албагыла деп үгүттөгөнгө укугум жок. Бул жаатта адис эмесмин. "Сиз балаңызды эмдеттиңиз беле?" дегендер да болду. Балам төрөлгөндө бардык эмдөөлөрүн алган. Кийин алдырган жокмун. Бул ар бир адамдын өзүнүн эрки болушу керек. Бала ооруса көрсөтөсүң, бирок жакшынакай турса эмдетпей деле коёсуң да.

Ал эми жанагы балдарын мектепке жибербей, же телевизорду көрбөгүлө деп тыюу салгандарга мен каршымын. Мектепке окууга жибериш керек. Ошол эле учурда мектепке барбай койсо эле экстремист болуп калбайт, мектепке барып жүрүп экстремист болуп кеткендер канча? Бул жагын да караш керек. Айрым учурларда биз өзүбүз абалды курчутуп жиберип жатабыз. "Мышыкты жарга такасаң арстан болот" дегендей, кээде аша чаап өзүбүзгө душман кылып алган учурлар да жок эмес. 

© Фото / пресс-служба ДУМК Максат ажы Токтомушев: биз өзүбүздүн каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды, тилибизди, динибизди жакшы жагынан көрсөтүп иш алып барышыбыз керек
Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Максат ажы Токтомушев: биз өзүбүздүн каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды, тилибизди, динибизди жакшы жагынан көрсөтүп иш алып барышыбыз керек

— Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган диний уюмдардын саны 20дан ашат. Алардын ичинен эң кооптуусу кайсы жана эмне үчүн?

— Буга чейин "Ислам мамлекети" тууралуу көп айтылды. Ага чейин Хузб ут-тахрир боюнча айтылчу эле. Кандай болбосун мамлекетке зыян алып келе турган уюм болсо ошол бизге кооптуу. Тыюу салынгандардын бардыгынын эле мамлекет үчүн кооптуулугу бар.

— Ал эми саентология боюнча пикириңиз кандай? Соңку кездери бул нерсе тууралуу да коомдо түрдүү пикирлер айтылып, талкууга алынып жатат?

— Биз өзүбүздүн каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды, тилибизди, динибизди жакшы жагынан көрсөтүп иш алып барышыбыз керек. Ошол эле кезде башка улуттун, башка динди тутунгандарды, башка улуттун үрп-адатын басмырлоо туура болбойт. Алардын да намысы бар. Айрым нерселери бизге туура келбейт, бирок өзүлөрүнө туура келет. Андайлар көп да. Мисалы сиз менин оюм менен макул болбосоңуз эмне үчүн мен ыйык туткан нерселерди басмырлап, маскаралашыңыз керек? Ал көз карашыңыз ичиңизден чыкпасын да. Андыктан ар ким өзүнүн чегинде болгону жакшы.

— Кыргызстанда ислам динин тутунгандардын түрдүү өкүлдөрү көп. Алардын кийингени, өзүн алып жүрүүсү да ар башка. Светтик көрүнүштөн радикалдык маанайдагыларга чейин бар. Ошол эле учурда дааватчылардын сырткы көрүнүшү, жүрүм-турумуна да нааразы болгондор жок эмес.

— 2014-2015-жылдары дааватчылардын келбетин, сырткы көрүнүшүн оңдоо боюнча иштер колго алына баштады. Индияга, Пакистанга барып билим алып, ал жактагы шейхтерди көрүп, таасирленип, алардын кийингенин туурагандар бар. Бул эми жаман нерсе эмес, жылаңач жүргөнгө караганда кийимчен жүргөн жакшы да. Мунун экинчи жагы бар — бул кийим биздин ата-бабаларыбызга, түшүнүккө жат. Себеби, ата-бабаларыбыз узунураак, кененирээк кийимдерди кийишкен. Ошондон улам биз да дааватчыларыбызга айтып, түшүндүрүп, азыр оңолуу башталды. Ага да убакыт керек. Адамдын ички дүйнөсү таза болуп, ниети түз болсо, буюрса тышкы келбетин да оңдойбуз. 

© Фото / пресс-служба ДУМК Максат ажы Токтомушев: негизи нике кыюуда бир сом же миң сом деп баа коюлган эмес. Ар ким өзүнүн жүрөгүнөн чыкканын берет, кааласа бербейт
Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Максат ажы Токтомушев: негизи нике кыюуда бир сом же миң сом деп баа коюлган эмес. Ар ким өзүнүн жүрөгүнөн чыкканын берет, кааласа бербейт

— Чубак ажынын жасап жаткан ишмердигине КМДБ кандай баа берет? Айрым баяндарында Чубак ажы коомду уу-дуу кылган билдирүүлөрдү жасап жиберет, бул нерсе кээде тынчсызданууга негиз берет. Анын ишмердиги муфтият менен макулдашылабы?

— Чубак ажы мурда муфтий болуп иштеген киши, азыр Аалымдар кеңешинин мүчөсү. Дин түзүмүндө эң жогорку орган болуп курултай эсептелинет, андан кийин Аалымдар кеңеши, анан муфтият турат. Чубак ажынын жарыяланып жаткан баяндары муфтият менен макулдашылбайт. Анткени Аалымдар кеңеши жогорку орган болгондуктан, алар өздөрүнүн оюн, пикирин айтат. Пайгамбарыбыз Мухаммед С.А.В. ар бир кишиде ката бар деп айткан. Ар бирибиз ката кетиребиз, ошол эле Чубак ажы деле кээде ката кетириши мүмкүн. Чубак ажынын жакшы иштерин алалы, айрым туура эмес делген аракеттерин албай коёлу. 

— "Нике кыйган имам мынча сом бер деди" дегендер да бар. Негизи эле нике кыюу үчүн муфтият тарабынан бирдиктүү баа коюлганбы?

Центральная мечеть имени Ибрахим ажы в городе Каракол - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда даават үчүн кимдер айыпка тартылышы мүмкүн? ИИМдин жообу
— Негизи нике кыюуда бир сом же миң сом деп баа коюлган эмес. Ар ким өзүнүн жүрөгүнөн чыкканын берет, кааласа бербейт. Мажбурлап мынча бересиң деген нерсе болбошу керек. Биздин имамдар деле кудайга шүгүр соодалашып, акчасын баалап нике кыйган жери жок. Нике кыйдырганы келгендер көңүлүнөн чыккан нерсесин берет. Кокус бир-эки молдо "мынча сом бересиң" деп койсо башка имамдардын, молдокелердин атына да доо кетип калып жатат.

—Муфтийликти аркалоо жоопкерчиликтүү милдет жана убакытты алат. Ошентсе да бош убактыңыз болобу, аны кантип өткөрөсүз?

— Кээде бош убакыт болуп калат. Андай учурда ат минем. Кыш мезгилине туура келип калса улакка барам. Кээде ден соолугума карап спорт залга барам. Достор менен жолугушам.

Жаңылыктар түрмөгү
0