Милиция кызматкери мыйзам бузуп жатса кайда кайрылуу керек

© Sputnik / Нурис АлымбаевМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин маалымат кызматы ички иликтөө кызматынын ишеним телефонун кошо айтты.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигине милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыркадым деген жарандар көп кайрылышат. Андыктан редакция Ички иштер министрлигине кайрылып, мындай учурда жарандарды ким коргой турганын билип көрдү.

Инспектор Главного управления обеспечения безопасности дорожного движения Бакыт Жукалаев - Sputnik Кыргызстан
Тамак-аш чыры боюнча аты чыккан милиционерди кызматка кайра алышты
ИИМдин маалымат кызматы айрымдар иш абалынан кыянаттык менен пайдаланып, формасына таянуу менен мыйзамсыз иштерди жасап жиберерин билдирди.

Министрликтин маалымат кызматы эгер тартип сакчылары мыйзам бузуу боюнча арызды кабыл албай жатса, акча талап кылып кодуласа жана башка мыйзамсыз иштерди жасап жаткан болсо тезинен ИИМдин ички иликтөө кызматынын 0704 99 99 18 ишеним телефону аркылуу кайрылууга болорун кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0