Автоунаалар. Архив

Турак жай менен унаа салыгын сентябрга чейин төлөбөгөндөр айыпка жыгылат

224
(жаңыланган 11:38 08.08.2018)
Төлөм мөөнөтү өткөн соң Салык кызматы төлөбөгөндөрдү аныктай баштайт.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы турак жай, автоунаа жана жер салыгын төлөөнүн акыркы мөөнөтүнө бир айга жетпеген убакыт калгандыгын эскертти.

Экономика министри Олег Панкратов. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1-сентябрда транспортко, ал эми 2-сентябрда турак жайга, батир, үйгө (ишкердик үчүн колдонулбаган жай) жана жерге (огород, бакча, үйдүн алдындагы аянттар) салык төлөө мөөнөтү аяктайт. Эгерде жарандар өз учурунда төлөбөсө, 2 миң сом айып пул салынып, туум чыгат.

Салык кызматынан бардык салык төлөөчүлөргө акыркы мөөнөт боюнча маалымат берилгенин айтышты. 5-октябрдан тарта Мамлекеттик салык кызматы менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери салык төлөбөгөндөрдү текшерүү иштерин баштайт.

224
Белгилер:
туум, айып пул, төлөм, Мамлекеттик салык кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Үй-жайга, автоунаага салык төлөдүңүзбү? Салык кызматы эскертти
Кыргызстанда Facebook, Google жана Instagram сервистерине салык салуу сунушталды