Адашпай таап барасыз! Көчмөндөр оюндарынын жол картасы ишке кирди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКультурные мероприятия в рамках ВИК на джайлоо Кырчын
Культурные мероприятия в рамках ВИК на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол картанын жардамы менен кайсы күнү кандай иш-чара өтөрүн билүүгө болот.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 2GIS тиркемеси Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын жол картасын ишке киргизди. Бул туурасында катчылыктан билдиришти.

Жол картанын жардамы менен оюнду көргөнү барган коноктор кайсы жерде, кайсы күнү кандай иш-чара болорун биле алат. Анда ДКО тууралуу да кыскача маалыматтар камтылган.

"Ар бир адам иш-чара өтүп жаткан жерге баруу үчүн картадан өз маршрутун түзүп алса болот. Навигатор интернет жок болсо дагы жолду көрсөтө берет. Мобилдик тиркемеден кирсеңиз чекесиндеги менюдан, сайт аркылуу киргенде "Көчмөндөр оюндары" деген баскычты басып колдоно аласыз. Турситтерге ыңгайлуу болушу үчүн тегерек четиндеги кафе, мейманкана, Ысык-Көлдүн керемет жерлери жана Бишкектин кооз жайларынын даректери камтылган", — деп айтылат маалыматта.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаары жана Кырчын этно шаарчасында өтөт. Оюнга 80 өлкөдөн үч миң спортчу келип күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0