Айтматов проспектисинин бир бөлүгү ремонтко жабылат

© Фото / Акылбек ТургановПроспект Чынгыза Айтматова в городе Бишкек
Проспект Чынгыза Айтматова в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери 28-августка чейин улантылат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Оңдоо иштеринен улам Айтматов проспектисинин Ахунбаевден Горький көчөсүнө чейинки аймагы жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ремонт дороги проспекта Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Эркиндик гүлбагынын төмөн жагы эки тарабынан жабылмай болду
Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча аталган аймактагы оңдоо иштери 8-августта башталып, 28-августка чейин улантылат. Бул убакыт ичинде жолго жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлат.

Айтматов проспектисинин аталган бөлүгүнө айдоочулар Токтоналиев, Жунусалиев жана Бакаев көчөлөрү аркылуу өтүшсө болот.

Ал эми 11-12-августта Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоо иштери жүрөт. Калган күндөрү Айматов проспектисинин Айни, Жаманбаев жана Горький көчөлөрүнө чейинки аймактары автоунаа үчүн ачык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0