Үй шартында отургузбайт! Баланы сүннөткө отургузууда 8 "болбойт"

© AFP / FAYEZ NURELDINEОбрезание в местной больнице в городе Алжир
Обрезание в местной больнице в городе Алжир - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек баланы сүннөткө отургузуу мусулман элинде парз болуп саналат. Кыргыз эли да бул каадага өзгөчө маани берип, баланы отургузгандан кийин сөзсүз элдин батасын алып, той өткөргөн. Дарыгерлер да сүннөттүн пайдалуу жактарын баса белгилеп жүрүшөт.

Баланы отургузууда медицина жаатында да, элдик каада боюнча да кандай эрежелер эске алынышы керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигине Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунун балдар хирургу Бакыт Жданов жана этнопедагог Абдыкерим Муратов айтып берди.

Фмыркайдын тушоосун кесип жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жибин кайчы менен кеспейт! Тушоо кесүүдөгү 6 "болбойт"
Үй шартында отургузбайт. Мурда көпчүлүгү балдарын үй шартында эле отургузуп койчу. Бирок бул туура эмес, колдон келишинче ооруканага алып келген оң. Биринчиден, хирургиялык жол менен жасалган сүннөт таза болот, медициналык аспаптар стерилизация кылынат. Баланын жыныс мүчөсүнүн ашыкча териси алынган жер дезинфекцияланат. Башкысы бөбөк, кыйналбайт. Азыр лазер менен кескен ыкма чыккан. Мунун бир жакшы жери балага жеңил наркоз берип туруп 3-5 мүнөттө дароо ашык этин алып салса болот. Бүткөндө да тегиз болуп жакшы камдашып, көп канабайт.

Жөн гана ырымдап койбойт. Сүннөткө отургузууда жөн гана "отургузду" аты кылып, ырымдап тим болбостон, ашыкча этти операция жолу менен кесип салуу керек. Мурда кээ бир эркек балдарды жөн гана кайчы же бычак тийгизип ырымдап эле, кеспей коюшчу. Бирок анын кесепети, зыяны кийин балага тиет.

Сүннөттү кеч калтырбайт. Эгер бала өз убагында (7 жаштан өтүп кеткенге чейин) сүннөткө отургузулса коркунучтуу дарттардан оолак болот. Бирок кандайдыр бир себептер менен отургузулбай калгандар болсо, жаш курагына карабай дарыгер-хирургга кайрылганы дурус.

Жаңы отургузулган баланы суукка алып чыкпайт. Хирургдар сүннөттөн кийин жакшылап карап, суукка урунтуп албай, кенен кийим кийгизүүнү сунушташат. Ата-эне дарыгер айтып берген ыкма менен туура тазалап, жакшы караса кесилген эти тез эле айыгып кетет.

Фольклорный фестиваль на пастбищах Сарала-Саз - Sputnik Кыргызстан
Карыштабайт, кытыгылабайт! Тили чыга элек балага карата 8 "болбойт"
Жаш курагына карабайт. Элибизде баланы 3, 5 же 7 жашында отургузуу керек деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок динде да, медицинада да атайын бир убакытта отургузуу керек деген эреже жок экендигин адистер айтты.

Сыркоологон учурда отургузбайт. Бала ооруп же дарыланып жүргөн убакта эч качан сүннөткө отургузбаш керек. Педиатр баланы текшерип ден соолугу жакшы деп айтканда гана хирургдар ишин кылат.

Баланы отургузаарда аял киши кирбейт. Элдик каадага таянсак, сүннөт жасалып жатканда бөлмө ичинде эркектер гана болушу шарт. Бул илгертен келе жаткан ырым.

Сүннөткө отурбаган адам мал сойбойт. Мурда эл ичинде сүннөткө кандайдыр бир себептер менен отургузулбай калган адам мал союуга, башка жандыктарды адалдоого акысы жок деген ишеним жашаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0