Муфтий Максат ажы Токтомушев канча айлык аларын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтомушев муфтияттын кызматкерлери ээлеген ордуна жараша айлык аларын кошумчалады.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев айына 22 500 сом айлык аларын Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маеги учурунда билдирди.

Ал ошондой эле муфтият мамлекет тарабынан каржыланбай турганын белгилеп өттү.

"Азыр муфтиятта иштеген 198 диний кызматкер айлык алат. Алардын бардыгы Социалдык фондуга төлөмдөрдү төлөшөт. Акыркы төрт жылдан бери жылына 670 миң сом төлөнүптүр. Андан тышкары, жылына ажылыкты уюштурууда зыяратчыларыбыз ыраазычылык катары, жардам катары, соопчулук катары муфтиятка чөнтөгүнөн чыккан каражатын беришет. Ошонун отчетун Аалымдар кеңешине, коргоо кеңешине жана дин иштери боюнча комиссияга беребиз. Жогоруда айткан 198 киши — муфтияттын, казыяттын кызматкерлери, аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, борбордук текшерүү комиссиясынын өкүлдөрү. Алардын ар бирине карточка аркылуу жеке эсебине айлык иретинде акча которулуп турат", — деди ал.

Токтомушев андан сырткары, муфтияттын кызматкерлери ээлеген ордуна жараша айлык аларын кошумчалады.

Муфтий менен болгон маекти толугу менен бул жактан окуй аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0