Бишкектин жаңы мэринин жана үй-бүлөсүнүн кандай мүлкү бар. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековИзбранный мэр Бишкека Азиз Суракматов
Избранный мэр Бишкека Азиз Суракматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Азиз Суракматовду калаа башчысы кылып шайлады. Ал шайланары менен социалдык тармакка канча байлыгы бар экени, эмнеге ээлик кыла тургандыгын жазып чыгышты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Юстиция министрлигинин порталына көз салып, Суракматов жана анын үй-бүлөсү кандай мүлккө ээлик кыларына кызыгып көрдү. Жаңы шайланган калаа башчысы ушул кезге чейин дээрлик мамлекеттик кызматтарды аркалап келген.

Суракматов юстиция министрлигинин реестринде каттоого алынган эмес. Бирок анын жакын туугандарына бир топ мүлктөр жазылган.

Курулуш компаниялары

Бир тууганы Азат Суракматов "ЭКСИМКО" ЖЧКсынын ээси болгон. Бул компания азыр жабылып калганы менен ишкердин учурда башка бир нече бизнеси бар. Ал бир тууганы Гүлбара Суракматова менен чогуу "Елизавета" курулуш компаниясын башкарат.

Вид на утренний Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң бай курулуш компанияларынын кожоюндары кимдер? Тизме
Аталган компания Кыргызстандын курулуш рыногундагы ири компаниялардын катарына кирет. "Елизавета" компаниясы Бишкек шаарында, Ысык-Көлдө, Ошто жана Жалал-Абад облустарында турак-жай комплекстерин, бизнес-борборлорун курган.

Андан сырткары, Суракматовдор Жайлообек Жумалиев менен чогуу "Столица Строй" курулуш компаниясына ээлик кылат.

Жаңы шайланган мэрдин бир тууганы Гүлбара Суракматова Юстиция министрлигиндеги маалыматтарга караганда, ондогон компанияга ээлик кылат. Ал "Самолет", "Юрист Риэлт Строй" курулуш компанияларынын ээси. Андан сырткары, "Столица Строй" компаниясынын дагы жетекчиси. Ошондой эле "Елизавета" компаниясы курган "Столица" жана "Столица+" объектилерин сатуу менен алектенет.

Күзөт агенттиги

Гүлбара Суракматова менен Азат Суракматовго "Слон" күзөт-детективдик агенттиги таандык.

Соода-сатык компаниялары

"Sphere KG" Гүлбара Суракматованын атына катталган. Ал "Елизавета" компаниясы курган имараттардын ичиндеги объектилерди сатат.

"New Sphere" ("Нью Сфера") компаниясы ишкер Азат Суракматовго катталган. Ал эми Эркинбек Тургунов анын бизнес өнөктөшү.

Выборы мэра Бишкека — 2018 - Sputnik Кыргызстан
Митинг жана белекке берилген калем сап. Бишкектин 14-мэри шайланды. Сүрөт түрмөк
Жаңы мэрдин баласы Айдар Суракматов "SLON" кыймылсыз мүлк агенттигинин ээси.

Учредителдери Гүлбара Суракматова, Данияр Салиев жана Аймэн Бакаев болгон "Папа Карло" фирмасы эмерек жасап сатат.

Тамак-аш өндүрүү жана сатуу менен алектенген "Фортресс" ЖЧКсы Жайлообек Жумалиевге, Гүлбара Суракматовага, Нелли Абраменкого жана Елена Бондаревага таандык. Бул компания үч жылдан ашык иштеп келет.

Ал эми "Новый город" фирмасынын ээлери Гүлбара Суракматова, Аймэн Бакаев, Рафкат Тулендыбаев. Бул компания Кыргызстанга эшик жана түрдүү эмеректерди алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0