Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30 пайызга көтөрүлдү

Жазылуу
Тийиштүү токтомго премьер-министр кол койду.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин — катардагы аскер, сержанттык жана улук курамдын маянасы 30 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү токтомго премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мындай кадам аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан коргоо жана аскер кызматынын аброюн жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0