Мугалимдер эми предметтик сабактардын сааттарын бөлүп ала албайт

Жазылуу
Эми мугалимдер мындан ары предметтик сабактардын сааттарын бөлүп ала албайт.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Билим берүүнүн сапатын арттыруу үчүн ар бир предмет боюнча мугалимдердин жумалык жүктөмүнө талаптар коюлганын Билим берүү жана илим министрлиги Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ага ылайык, бул кадам сааттарды бөлүп алууну алдын алып, өз кезегинде мугалимдердин айлыгынын көбөйүшүн шарттайт.

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институтунун Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Чолпон Орозобекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Орозобекова: жаңы буйруктун негизинде айрым мугалимдер ишсиз калышы мүмкүн
Учурда бардык мектепке биринчи кезекте кимдердин (өз ишинде инновациялык ыкманы колдонгондор жана окуучулары мыкты жетишкендиктерди камсыз кылгандар) жумалык жүктөмү толтурулушу керектиги боюнча нускама кат жиберилгенин министрликтен маалымдашты.

Эске салсак, буга чейин Булан институту быйыл жаңы окуу жылында бир катар мугалимдер иши жок калышы ыктымалдыгын билдирген. Анткени сентябрдан тарта билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын 2018-жылдын 5-январда "Жалпы билим берүү мекемелеринде педагогикалык кызматкерлердин бир жумалык сабак өтүү жүктөмүн бөлүштүрүү тартиби тууралуу" кол койгон буйругу күчүнө кирет.

Институттун маалымдашынча бул буйрук тууралуу учурда көпчүлүк мугалимдердин кабары жок.

"Министр Гүлмира Кудайбердиеванын буйругу 2018-жылы жаңы окуу жылынан баштап мектеп мугалимдеринин бере турган минималдуу сааттарды чектеп, босого жүктөмдү киргизди. Буйруктун 1-тиркемесин карасак, көбүнчө сабактардын минималдуу сааты 12-15 саат болушу керек экен. Демек, учурда 6-8 саат менен иштеп жаткан мугалимдер 2018-2019-жаңы окуу жылында жумушсуз калышы толук ыктымал", — деп институт өз жүйөсүн түшүндүргөн.

Бул буйрукту аткарбаган жетекчилерге административдик катуу чаралар көрүлөт. Аны аткарууга Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы жана облустук, райондук билим берүү башкармалыктары жооптуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0