Рахманкул хандын уулу Мусаддык: памирликтер Кыргызстанга башка ой менен келген

© Фото / Азат АкаевПамирский кыргыз Рахманкул хан
Памирский кыргыз Рахманкул хан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыздын акыркы ханы" атыккан Рахманкул хандын аруу тилектеринин бири Памир кыргыздарынын качандыр бир кезде өз мекенине кайтып келүүсү эле. Анын тилеги аз да болсо орундалып Афганистандагы кыргыздардын бир бөлүгү Нарынга көчүп келишти. Ал эми Рахманкул хандын эң кенже уулу Мусаддык Кутлу азыркы учурда Бишкек шаарында жашайт.

Рахманкул хан Памирге качкан кыргыздардын башын бириктирип, алар менен бирге турмуштун ысык-суугун бирге көтөрүп, өз элин колунан келишинче калкалап келген. Өз мекенинен алыста калган миңдеген кыргыздардын башчысы болгон Рахманкул хандын жашоо менен кош айтышканына 28 жыл болду. Анын эң кенже уулу Мусаддык Кутлу Кыргызстанга кайтып келип, азыркы учурда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде эмгектенет. Sputnik Кыргызстан агенттиги хандын уулу менен жолугуп ата мекени, Рахманкул хан жана Памир кыргыздарынын азыркы абалы тууралуу баарлашты.

— Мусаддык мырза, алгач өзүңүз менен тааныштырганча, Кыргызстанга келүү таржымалыңызды айтып берсеңиз?

— Мен 1970-жылы Памирде төрөлгөм. Балалыгымдын көпчүлүк бөлүгү тоо арасындагы Памирде өтүп, афган жеринде төрт жыл мектепте окудум. Эми мектеп дегенде үй шартында эле куранды, араб жана фарс тилдерин, математика, география жана тарых сыяктуу сабактарды үйрөнчүбүз. Андан соң Пакистанга көчүп, ал жерде да билим алууну токтоткон жокмун. Кийин Түркияга жер которуп, кайрадан 1-класска отурдум. Мындан улам, 20 жашымда мектепти аяктадым. Орто билимдүү болгон соң 1991-жылы кыргыз тили мугалими болоюн деген ой менен Бишкекке келдим. Максатым тилди жакшылап үйрөнгөн соң кайра Түркияга барып ал жактагы кыргыздарга үйрөтүү болчу. Бирок туугандарым "юрист болсоң өзүңө эле жакшы болот" дешкенинен юридикалык факультетке тапшырдым. Чынын айтайын, аны 2-курска чейин жакшы эле окудум. Анан чөйрөнү карап көрүп, практикага чыккан соң оюм өзгөрдү. Өлкөдө адилеттик жок экендигин көрдүм. 1998-жылы эптеп жогорку окуу жайды бүтүп, Түркияда жеке ишкерлик менен алектене баштадым. Кийин кайра Кыргызстанга келип "Манас" университетинин администрациясында иштеп калдым. 

© Фото / Азат АкаевМуссадык Кутлу: Памирде жүргөндө кыргыздар жана Кыргызстан тууралуу башкача ойдо элек. Бул жакта намаз окугандардын аздыгы, ичимдик ичкендердин жана ачык кийинген айымдардын көптүгү таң калтырган.
Памирский кыргыз Мусаддык Кутлу - Sputnik Кыргызстан
Муссадык Кутлу: Памирде жүргөндө кыргыздар жана Кыргызстан тууралуу башкача ойдо элек. Бул жакта намаз окугандардын аздыгы, ичимдик ичкендердин жана ачык кийинген айымдардын көптүгү таң калтырган.

— Кыргызстанга алгач келгенде кандай сезимдер пайда болду? Сиз күткөндөй эле элес калтырдыбы?

— Памирде жүргөндө кыргыздар жана Кыргызстан тууралуу башкача ойдо элек. Алгач келгенде "маданий шокко" кабылдым десем болот. Биз ар дайым мурдагы тоолук кыргыздарды элестетчүбүз. Өзүм диний чөйрөдө тарбиялангандыктан бул жакта намаз окугандардын аздыгы, ичимдик ичкендердин жана ачык кийинген айымдардын көптүгү таң калтырган. Мен союз учурундагы тамак-аш талонуна жетишип калдым. Акчам жетишээрлик эле болчу. Бирок ал кезде 100 долларды алмаштырсаң 1 500 рубль эле. Ал эми элдин айлыгы 100-200 рубль. Башкалар кыйналган кезде барчылыкта жашоо бир аз ыңгайсыздык жаратчу. Балалыгымда көчүп жүрүп көп тил үйрөнгөндүктөн, кыргызча сабактардын өтүлүшүнө кызыкчумун. Бишкекке келсем кыргызча эмес, жалаң орусча сүйлөшөт экен. Башында орусчадан кыйналып, бирок көнүшүп кеттим.

Нарын шаарындагы памирлик кыргыздар менен учурашуу үчүн Түркиянын Ван шаарынан алардын туугандары келишти - Sputnik Кыргызстан
Памирлик жана Вандык кыргыз бир туугандар 35 жылдан соң Нарындан жолукканда... Сүрөт
— Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин кайра Түркияга кеттим дедиңиз. Экинчи жолу келгенде кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?

— Окуу жайды бүткөндөн кийин Түркияда 10 жыл жүрдүм. Экинчи жолу кайра келгенде позитивдүү тарапка өзгөрүү болгонун байкадым. Эл, өлкө мурдагыга караганда өнүгүптүр. Мурда улутту ойлогондор аз болсо, азыр "кыргыз" дегендер көбөйдү. 1990-жылдары эл эмне кыларын билбей калган кез эле. Азыр эл өз жанын кантип багууну жакшы түшүнүп калды.

— Балалыгыңызды эскерип кетсеңиз?

— Балалык кандай болгон күндө да жакшы өтөт. Анын тоодо же шаарда өткөндүгүнүн айырмасы жок. Сегиз жашыма чейин Памирде, андан соң төрт жыл Пакистанда качкын болуп чатырларда жашадым. Памирдин тоолорунда мал арасында чоңойдук. Ат, төө минип күндөрүбүз өттү. Топ сыяктуу оюнчуктарыбыз жок болгондуктан таш менен ойночубуз. Каада-салтты катуу карманып жашачубуз. Куранды, араб тилин Памирде атам өзү окуткан. Ал фарс, пушту, урду тилдеринде эркин сүйлөп, англлисче сүйлөөнү да үйрөнгөн эле. Айылдагы мектеп курагындагы балдарды биздин үйдө жаткырып, тамагын берип окутчу. Ал кезде Памир жакшы эле. Азыр калктын көпчүлүгү кетип, калганы өз алдынча болуп калды. 

© Фото / Азат АкаевРахманкул хандын уулу: атам элден өзгөчө болушубузга уруксат берчү эмес
Памирский кыргыз Мусаддык Кутлу - Sputnik Кыргызстан
Рахманкул хандын уулу: атам элден өзгөчө болушубузга уруксат берчү эмес

— Рахманкул ханды биз Памир кыргыздарын калкалаган эл башчы катары билебиз. Ал эми ата катары кандай инсан эле?

— Элге хан болсо, ал эми мага кадимкидей эле ата болчу. Жөнөкөй киши баласына кандай мамиле кылса бизге да ошондой мамиле кылат эле. Келечегибизди ойлоп, жакшы адам болсун деген тилеги бар болчу. Биз тогуз бир тууганбыз. Атам "калкка катуу тийбегиле, алардын жүрөгүн оорутпагыла" деген осуятын ар дайым айтып, эл катары жашагыла дечү. Айткан сөзү кылган иши менен айкалышып турчу. Мисалы, Түркияда орто мектепти бүтүргөн соң, лицейге өтүү үчүн сынак тапшырасың. Мени менен чогуу он кыргыз бала мектепти аяктадык. Экөөбүз кесиптик, калганы жөнөкөй лицейге өттү. Атам менин да калган балдар менен чогуу окушумду буюрду. "Эл Рахманкул хан акчасы бар болгондуктан баласын жакшы лицейге окутуп жатат деген ойдо калбасын" деди. Элден өзгөчө болушубузга уруксат берчү эмес. Бирок бизди абдан жакшы көрчү. Бир гана жолу кол көтөргөнү эсимде.

— Памирде жүргөн кезиңизде Кыргызстан тууралуу айтып берчү беле?

Нарындагы Памир кыргыздары эмнеге нааразы? Видеорепортаж - Sputnik Кыргызстан
Нарындагы Памир кыргыздары эмнеге нааразы? Видеорепортаж
— Кыргызстан жөнүндө жакшы сөздөрү оозунан түшчү эмес. Бирок биз Кыргызстан эмес, Түркстан деп билчүбүз. Анын ичинде кыргызы, өзбеги, казагы, түркмөнү бар. Учурда деле ошондой ойдобуз. Орто Азия калкын эч качан бөлбөйбүз. Азыр деле Афганистанда "түркий тилин билесиңби же фарсчабы" деп сурашат. Атам кыргыз маданиятынан да ар дайым кабардар эле. Чыңгыз Айтматовдун фарсчага которулган китептерин Кабулдан алдырып окучу. Жомокчуларыбыз ар дайым "Манасты" айтып беришчү. Бирок биз билген "Манас" эпосунан бир аз айырмасы бар эле. Окуялар кара сөз менен айтылып, диалогдор ыр түрүндө болчу.

— 1970-1980-жылдары Памирде канча кыргыз жашачу?

— Менин билишимче үч-төрт миңге жакын кыргыз бар эле. Алар ошол кездеги эң эркин кыргыз эли болчу. Көз карандысыз, эч кимге баш ийбеген калк. Өз мыйзамы бар, өзүнчө бир өлкө элек. Памирге СССРден, Кытайдан качкан кишилер сөзсүз тийип, түнөк тапчу. Атам аларды бийликке билдирбей коргойт эле. Азыр Памирдеги кыргыздардын азыркы акыбалына атамды же чоң атам Жапаркулду күнөөлөгөн сөздөр айтылып калат. СССР курулган кезде элди алып качпаганда алар кыйын жашоого кабылмак эмес дешет. Бирок унутта калган бир маселе — калк жөн эле эмес, өз жанынан корккондугу үчүн качкан. Алар качпаганда өлүмгө дуушар болмок же сүргүнгө айдалмак. Азыркы памирликтердин тукуму уланбай калмак. 

© Фото / Азат АкаевМуссадык Кутлу: унутта калган бир маселе — калк жөн эле эмес, өз жанынан корккондугу үчүн качкан. Алар качпаганда өлүмгө дуушар болмок же сүргүнгө айдалмак. Азыркы памирликтердин тукуму уланбай калмак.
Памирский кыргыз Мусаддык Кутлу - Sputnik Кыргызстан
Муссадык Кутлу: унутта калган бир маселе — калк жөн эле эмес, өз жанынан корккондугу үчүн качкан. Алар качпаганда өлүмгө дуушар болмок же сүргүнгө айдалмак. Азыркы памирликтердин тукуму уланбай калмак.

— Памир кыргыздарынын Рахманкул ханга болгон мамилеси кандай эле?

— Бардык эле жерде бийликтеги адамды жактырбагандар болот. Элге кандай мамиле кылсаң да сөзсүз түрдө оппозиция чыгат. Атамды жакшы көргөнү да, жаман көргөнү да бар эле. Аларды көтөрө билсең, каршы менен да, жандаш менен да туура мамиле кылсаң эл башчы болосуң. Баары мактаган эл башчы болбойт. Бирок атам адилеттүү инсан болгондуктан эл арасында эч кандай нааразычылык болгон эмес.

— Түркияга кантип барып калдыңыздар?

Памир кыргыздары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кичи Памирдеги кыргыздарга жаңы хан шайланды
— Биз Түркияга 1982-жылы барганбыз. Памирде жүргөн кезибизде атам алгач БУУга, Европадагы тааныштарына кат жазган. Европадагылар өзүңдүн үй-бүлөң менен гана келсең киргизгенге алыбыз жетет деп айтышкан. Атам барсак баарыбыз баралы деп макул болгон эмес. Түркия мусулман өлкө катары бизге шарты туура келген. Ал жакка кат жазып макулдашып, 300 үй-бүлө бардык. Түрк бийлиги алардын баарына үй салып, жер, трактор, ар бир үй-бүлөгө ондон кой берген. Азыр бизге катталган жайлоо бар. Түркияга барган жылы төрөлгөндөрдүн алды 36га чыкты. Азыр үчүнчү муун жашап жатат. Балдарыбыз өздөрүн түркиялык сезип калышты.

— Памирлик кыргыздардын бир бөлүгү өткөн жылы Нарынга келишкен. Бирок алардын айрымдары жакында кайрадан кетишти. Алардын кетүүсүнө эмне себеп болду деп ойлойсуз?

— Эми памирликтер Кыргызстанга башкача ойлор менен келишкен. Мен алар менен баарлашып турам. Алардын кайра кетүүсүнө памирликтерди же кыргыз бийлигин бир жактуу күнөөлөө туура эмес. Эки тарап тең бири-бирин жакшы түшүнбөй калды. Сөздүн ачыгы, кыргызстандыктар мурда Памирге барганда алып кетүү тууралуу чоң убадаларды берип алышкан. Ошол эле убакта кыргыз бийлиги памирлик балдарды окутабыз деп алып келишкен. Анан бир канча үй-бүлө балдары менен кошо келип алышты. Бул жактын аларды көчүргөнгө даярдыгы жок болчу. Азыр "бир аз чыдагыла, жер беребиз" деп жатышат. Памирликтер болсо "Көчүп кел дедиңер, келдик. Беребиз деген жериңер жок. Бизди камап койдуңар" деген сөздү айтып жатышат. Бирок кантсе да кыргыз бийлиги колунан келгенин кылууда. Ошол эле кезде Нарындагы памирликтердин абалын да түшүнүшүбүз керек. Алар кыргыз эли үчүн деп келишти. Жер берилсе өздөрүн багып кетишет. Азыр Нарында кара жумуш жок болгондуктан эмне иш кыларын билбей жатышат. Ал эми балдар үчүн баары жакшы. Мен социалдык тармактардан алардын кыргыз туусун көтөрүп, "Жерим! Элим!" деген сүрөттөрүн көрүп калам. Алар үчүн өзгөгө караганда өзүнүкү жакшы да. Ал эле эмес, Түркиядагы кыргыз кыз-жигиттеринин да Кыргызстан өнүксө барабыз деген ойлору бар. 

© Фото / Азат АкаевМуссадык Кутлу: 2013-жылы Жогорку Кеңештин расмий буйругу менен атамдын 100 жылдыгы белгиленди. Ага өтө ыраазыбыз.
Памирский кыргыз Мусаддык Кутлу - Sputnik Кыргызстан
Муссадык Кутлу: 2013-жылы Жогорку Кеңештин расмий буйругу менен атамдын 100 жылдыгы белгиленди. Ага өтө ыраазыбыз.

— Негизи эле Памирдеги кыргыздардын баарын алып келиш керекпи?

— Бул эми абдан татаал маселе. Негизи ким кайсы жерде бактылуу болсо, ошол жакта жашашы керек. Мен да азыр Памирдегилер менен сүйлөшүп калганда көчүү маселесинин алар ойлогондой оңой эмес экендигин айтам. Мисалы, биз Түркияга келгенде ата-энелер абдан кыйналган. Себеби алар балдарына эч нерсе үйрөтө албай калышкан. Балаңа үйрөтөөр нерсең жок болсо, алар сага баш ийбей калат. Ат такалагандын, кой сойгондун Түркияда пайдасы жок. Унаа айдаганды, жаңы технологияларды улуу муун билбейт. Памирлик кыргыздар бул жакка жакшы жашоо үчүн эмес, балдарынын келечеги үчүн келиши керек. Чоңдор сөзсүз кара жумушта иштейт. Себеби, башка нерсени билишпейт. Мындай нерсени биз Түркияга барганда башыбыздан кечиргенбиз. Кийин балдар чоңойгондо гана мугалим же дарыгер болушат. Андыктан памирликтердин келечегин ойлосок, аларды алып келүү туура маселе.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

Памирские кыргызы в студии ИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Памир кыргыздарынын тилеги, сүйүүсү жана калыңы. Боордоштордун ыймандай сыры
— 1996-жылы Кыргызстанда жүргөн кезимде сокулуктук Роза деген кызга үйлөнгөм. Экөөбүздүн окуу жайларыбыз кошуна болчу. Анан жаш кезде сүйлөшүп жүрүп, кийин баш кошуп калдык. Азыр эки кызым, бир уулум бар. Бири Түркияда, экинчиси бул жакта жогорку окуу жайда окуйт. Кичинекейибиз быйыл мектепти аяктады. Окуу мезгилинде бул жакта иштесем, жайкы каникулда Түркияга барам. Бир туугандарымдын баары ошол жакта. Өзүм болсо Кыргызстандан эч кетким келбейт.

— Кыргызстандыктардын азыркы учурда Рахманкул ханга болгон мамилеси кандай?

— Бир кишини жакындан тааныганда гана кандай адам экендигин билесиң. Атамды бир гана жөнөкөй калк эмес, окумуштуулар да "Орто Азиянын акыркы ханы" деп аташат. Азыркы жаштардын көбү атамдын ким экендигин биле беришпейт. Окуган, илимдүү-билимдүүлөрдүн кабары бар. Мактагандар да, сындагандар да кездешет. 2013-жылы Жогорку Кеңештин расмий буйругу менен атамдын 100 жылдыгы белгиленди. Ага өтө ыраазыбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0