Бишкектеги жарылуудан жаракат алган ишкер ооруканадан чыкты

© Sputnik / Александр Онопа / Медиабанкка өтүүНападение на прохожих в Сургуте
Нападение на прохожих в Сургуте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер ишкер Александр Гайдуковдун бутунан жана колунан майда сыныктарды алып чыгышты.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектеги жарылуудан жабыркаган россиялык ишкер Александр Гайдуков ооруканадан чыкканын Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдиришти.

Белгилей кетсек, 10-августта Бишкек шаарынын Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн короосунда жарылуу болуп, милиция аймакты курчоого алган. Жарылуудан россиялык ишкер Александр Гайдуков жаракат алып, травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

"Анын колунан жана бутунан майда сыныктарды алып чыктык. Гайдуковдун абалы канааттандырарлык, ал ооруканадан чыкты", — дешти дарыгерлер.

Гайдуковго 2016-жылы дал ушул жерден кол салуу болуп, белгисиз бирөө ишкерге ок чыгарган. Бул иштин бети ачылбай калган.

Исанов көчөсүндө ушу тапта эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0