Курман айттын так күнү айтылды

Жазылуу
Айбашы 20-августка туура келет.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Курман айт майрамы 21-августта белгилене тургандыгын муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бүгүн, 12-август, Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар Курман айт майрамын 21-августта белгилешет. Ал эми арапа 20-августта болуп, ажылык милдетин өтөп жүргөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөнүндө болушмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Адатта Курман айт орозо аяктагандан кийин 70 күндөн кийин белгиленет. Былтыр Курман айт 1-сентябрга туш келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0