Сабак отуп жаткан мугалим. Архив

Өтпөгөн китебин бизге түртүп... ЖОЖ мугалимдери кыжырды кайнатканда

943
(жаңыланган 17:30 14.08.2018)
Саналуу күндөрдөн кийин билим берүү мекемелери эшигин ачат. Каникулдан келген студент мугалимдери менен кайрадан эле бет маңдай кездешип, билимин жогорулатууга белсенет. Жакшы окутуучулар толтура, бирок айрымдарынын бети калың экени жашыруун эмес.

Университетте иштегенине карабай чөнтөгү терминал, өзү робот сыяктуу мугалимдер бар экен. Кээде алар студенттердин итатайын тутултуп, жанын кашайтып жиберет. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет ЖОЖдордун окутуучуларынын кыжырга тийген жоруктарын студенттерден сураштырып көрдү.

Өзүңөр да бир нерсе түшүндүргүлөчү. Достор, роботко окшогон мугалимдерден силер да тажадыңарбы? Сабакка кирет, ар биринен тапшырма сурайт, айтсаң "5", айтпасаң "2" деген баа коёт да кайра тапшырма берип чыгып кетет. Лекция болгондо, кечирип кой, өз сөзү менен эч нерсени түшүндүрүп бере албайт. Ак кагазда эмне жазылса ошону окуп берүү менен тим болот. Адам болгондон кийин астындагы кагаз менен эле чектелбей, жандуу масалдарды айтып берсе мээбизге жакшы сиңет го. Күчүбүздү колубуздан чыгарып жаза берсек эмнени түшүнөбүз. Анан лекцияда отуруп уктап калсаң, чаң-тополоң салат. Андайда сабакты кызыктуу кылып өтпөсөңүз зеригип уктайбыз да дейин деп барып тилиң буралып калат.

Мээге куйганды да үйрөнүп алсаңар го. Айрым окутуучулар сен ал теманы түшүнүп атасыңбы, пайдалуу нерсе үйрөндүңбү, иши жок. Аларга өткөн темасын (кагаздан окуп бергенин) дептерге бирин калтырбай шурудай тизип жазышың керек. Ушундан көрө окуган кагазын берсе, көчүрмөсүн чыгарып алып окусак жеңилирээк болмок. Экзаменге келгенде да сенин мээң менен сүйлөшпөйт, адегенде "дептерди алып кел" дейт. Ичинде бир тема жазылбай калса артка кайтарат. Эмне анча жанды кыйнайт, түшүнбөйм. Албетте акыл үйрөтөм дебейм, бирок дептерге эмес мээге жаздырганды өздөштүрсөңүздөр жакшы болмок.

Мектептеги класс. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Зачетко келгенде ханга салам бербей… Студент жылына эки жолу катуу ойлонот. Ал — жайкы жана кышкы сессия. Ооба, студенттер сүттөн ак, суудан таза деп актагым келбейт. Биз да тентектик кыларыбызды мойнума алам. Канткен күндө да экзамен жакындаган сайын маанайды өзгөртүп, бой көтөргөндү токтотсок кантет. Бул учурда студенттин нервин да, чөнтөгүн да кагып аласыздар. Ансыз да картошканы сууга малып жеп отурганда "кайгы жокто кайненем өлдү" болуп эжеке менен агай зачет койбой кууратат. Тилегени эле 500-1000 сом. Муну алгысы келген мугалим ары чуркатып, бери чуркатып айлаңды алты кетирет. Аны кармата салсаң, бетине кызыл жүгүрүп калат. Ушул акча менен эле байып кетсеңер экен.

Өтпөгөн китебин бизге түртүп… Кээ бир тажрыйбалуу педагогдор өз тармагы боюнча китеп жазат. Албетте бул жакшы нерсе, эки сөздүн башын бириктире албай кагаздан окугандан көрө китеп жазса ага сый-урматың жогорулайт да. Кээде анын китебин жан талашып сатып алам дегендер табылбай калат. Тилекке каршы… Болгондо да өтө чоң тилекке каршы. Мен деле ага жөн жерден кайгырган жокмун. Чыгарган китеби өтпөй калса чаң бастырбайын деп университетке көтөрүп келет. Анан эмне кылмак эле, сессияга аз калганда "ушул китепти сатып алгыла, эртең экзаменде пайдасы тиет" дейт. Анан ары карап ыйлап, бери карап күлүп 500 сомду садага чаап сатып аласың. Башка айла барбы?.. Кээде ал китептен да жарытылуу нерсе таппай кашайып отуруп калган учурлар болот.

Биринчи жылыбыз коркуу менен өтөт. Университеттин кадамын аттаган жылы торпогунда сүзүп коёюн дейби билбейм, айтор, катуу коркутушат. Бир тапшырманы аткарбай койсо 15 барак реферат жаздырып, эки-үч жолу сабакка катышпасаң окуудан айдайбыз дегенге чейин барат. Дагы бир мугалим бар сабакка бир мүнөт кечигип кирсең, бир короо сөздү сүйлөп эшикти сыртынан жаап кой дейт. Өздөрү кечиксе эч нерсе эмес, бети кызарып койбой келип отуруп алат. Аларды да шылдыңдап туруп "чык эшикке" десең э… Байкуш жаңы эле студент болгон улан-кыздарын бир жылы мугалимдерден коркуп жүрүп өтүп кетет.

943
Белгилер:
экзамен, окутуу, мугалим, Кыргызстан
Тема:
Кыжырды кайнаткандар (55)
Тема боюнча
Шылтоонун сазайын бересиңер го, чиркин! Маалымат катчылар кыжырды кайнатканда
Тойдум ошол электрондук гүлүңөргө! Эркектер кыжырды кайнатканда
Пикирлер