Бычак кармап турган адам. Архив

"Кыргызстанда киши жегичтер адамга кол салды". Билдирүүнү тактап алчу 5 эреже

1706
(жаңыланган 10:25 14.08.2018)
Кыргызстандыктарды санаага салган сандырак билдирүүлөрдүн авторлору эмнени колдонот? Жалган маалыматты аныгынан кантип ажыратууга болот? Sputnik Кыргызстандын кабарчысы коомчулукту катуу дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдү талдап чыгып, чагымга алдырбоонун ыкмаларын тизмектеди.

Бардык вирустардай эле ушак-айың, коркунучтуу кабарлар да улам элге тараган сайын апыртылып, кооптуулук жаратат. Бүгүнкү күндө андай жалган маалыматтар мессенжер жана социалдык медиа аркылуу желдей таркоодо. Кадимки спамдын белгилери жөнөкөй эле: үрөй учурчудай маанайда жазылат, укмуштай далилдери да кошо тиркелет жана бүт коомго тиешеси бардай түр берилет.

Эгер сизге жүздөгөн адамдын өмүрүн алган абдан кооптуу инфекция тууралуу кезектеги кабар келсе, өзүңүзгө төмөнкү суроолорду бериңиз. Баары айкын боло түшөт.

1. Кабардын булагы ким?

Адатта авторлор жалган маалыматтын булагын кимге байлоодо машакаттанышпайт. Көпчүлүк учурда белгисиз бир номер көрсөтүлөт, маселен, жашыруун маалыматты кокусунан билген киши апасы тараптан жакын тууганы экендиги жазылат.

Эгер таркатылган жаңылыкта басылма же фамилия айтылса, андай булактын бар-жогун текшериңиз. Кайсы бир белгилүү ЖМКнын аталышы көрсөтүлгөн учурда да анын издөө сабына сизге келген маалыматка тиешелүү бир-эки маанилүү сөз жазып көрүңүз, жыйынтыгында эч нерсе чыкпасы турган иш.

2. Сиздин көңүлүңүздү эмне менен бурууга тырышышат?

Спамчылардын башкы максаты — адамдын эмоционалдык тең салмактуулугун бузуу, ошол себептен жайылтылган жалган кабардын сиздин бардык жакындарыңызга коркунуч туудурган кооптуулугу бар экендигин камтыйт. Сибирь жарасынан жабыркаган малдын эти менен жүрөктөрдүн үшүн алган эки жыл абалкы маалыматты эстейличи. Органга сатууга балдарды уурдап жатышкандыгы тууралуу маалымат дагы таркаган, аны дароо эле расмий структуралар төгүндөгөн

Эгер калк үчүн чындап эле кооптуулук жаралса, андай маалыматтар тастыкталса, мамлекет мекемелердин басма сөз кызматтары жана расмий маалымдоо каражаттары аркылуу элди кабардар кылат.

3. Сүрөт же үн жазылган билдирүү кайдан чыкты?

Эмнеге мындай собол салуу зарыл экендигин жакында эле жайылган таңгакталган "адам эти" жөнүндөгү кабар менен түшүндүрөлү. Билдирүүнүн автору кыргызстандыктар Кытайдан чыккан мыкаачылардын курмандыгы болуп каларын эскертет. Атургай, ал эринбей далил катары сүрөт да тиркеген. Анда жиликтелген адам эти эмес эле мешке жабылган нандын түрү: булка, пирог жана пироженое эле, бирок алар чындап эле жиликтелген этке окшоп калган экен

Сүрөттүн аныктыгын сиз деле текшере аласыз, браузерден сүрөттү ачып, компьютериңиздин "чычканчасынын" (мышка — ред.) оң баскычын басууңуз жетиштүү. Издөө сабынын эң башында ал сүрөт жарыяланган бардык сайттар чыгат.

Эгер сиздин браузер эски болсо, анда аны "URL сүрөттөрдү көчүрүү" командасы аркылуу аткара аласыз. Андан соң көчүрүлгөн шилтемени издөө сабына саласыз.

Бейтааныш кишилерден келген үн жаздырылган билдирүүлөр канчалык чындык сымал сезилсе да ишенбөө керек. Андай маалыматтардын чын-төгүнү туурасында алардын авторлорунун да, сиздин да эч кандай далилиңиз жок.

4. "Эч ким көрүп же билбеген "бокочонун" чындыгы барбы?

Ар бир жалган маалыматта бири-бирине дал келбеген учурлар байкалат. Маселен, өткөндө эле кыргызстандыктарды Ысык-Көлдө адамдарды атайын чөктүргөн суучулдар бар экендигин айтып коркутушту, ага далил катары эки айда 300 киши чөгүп кеткенин айтып чыгышты. Үрөй учурган мындай көрсөткүчтөр — көп колдонулчу ыкма, андыктан сизде дароо кандайдыр шек жаратууга тийиш.

Суучулдардын мындай аракетин спамчылар акча табуу далалаты катары сыпатташты, бирок ӨКМ суучулдар кызматы куткаруу жана издөө амалдарын акысыз жүргүзөт.

5. Далилдер канчалык жөндүү жана чындап эле андайлар барбы?

Жайылтылган маалыматтардын авторлору өз ой чабытын гана колдонуу менен билдирүүлөрдүн аныктыгына ынандыруу үчүн тырышат. Эки жыл мурун мессенжерлер аркылуу доңуз сасык тумоосунун эпидемиясы тууралуу жалган кабарлардын толкуну урган.

Саламаттык сактоо министрлиги ал кырдаалды мындайча жөнгө салган: спамда көрсөтүлгөн оорукана бөлүмү таптакыр жоктугун элге кабарлаган.

Ошентип кезектеги болбогон бир спамды чын маалыматтан ажыратуу үчүн кабарды кылдат окуп чыгып, анын канчалык жөндүүлүгүн талдооңуз гана жетиштүү.

1706
Белгилер:
билдирүү, эреже, маалымат
Тема боюнча
Ысык-Көлдө суучулдар кишилерди атайылап чөктүрүп жатабы? ӨКМдин жообу
Кыргызстанда эки бала менингиттен көз жумду деген маалымат жалган
Пикирлер