Таластын Казакстан менен чектешкен тоосунда чыккан өрт толук өчтү

© Фото / пресс-служба МЧС КРТалас облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Алмалуу жайлоосундагы өрт
Талас облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Алмалуу жайлоосундагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо 1000 гектар жерге жайылып, аны өчүрүүгө 64 куткаруучу тартылган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Талас облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Алмалуу жайлоосундагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тилсиз жоо 1000 гектар жерге жайылып, аны өчүрүүгө 64 куткаруучу тартылган.

"Манас районунун Алмалуу жайлоосунун Туюк-Төр сайынын күңгөй тарабында куураган чөп күйгөн. Өрт 12-август күнү 20:30дар чамасында толугу менен өчүрүлдү", — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, аталган аймакта буга чейин дагы өрт чыгып кетип, ага 500дөй адам тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0