Сулайманов: бийликтегилер "жигит" бойдон кала алабы?

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК шестого созыва Алтынбек Сулайманов
Депутат ЖК шестого созыва Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүп жатат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. "Бир Бол" парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында сүйлөп жатып бийликтин кадамдарын сындап өттү.

Эл өкүлү мамлекетти туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын мурунку вариантында жыл сайын 10 гектар сугат жерди эксплуатацияга берүү боюнча пункт болгонун, бирок ошол бойдон ишке ашпай калганын эске салды.

"Мындай пункттар арбын… Негизи эле программада көптөгөн жакшы ниеттер бар болчу. Ушундай программаларды жазганыбыз менен иш жүзүндө аткарбайбыз", — деди депутат.

Ал ошондой эле эгер бийликтегилер программаны аткара албаса, аларды "жигит" деп атоого ооз барбай каларын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү. Жээнбековдун жообу
Сулайманов Туруктуу өнүктүрүүнү ишке ашыруу үчүн каражат издөө керектигин баса белгиледи. Ошондой эле АКШнын Россияга каршы санкциялары Кыргызстанга кандай таасир этери азырынча белгисиздигин айтып, өлкө мамлекеттик карызды жабыш үчүн жыл сайын 350 миллион доллар которуп турушу керектигин эскертти.

"Кандай гана стратегия болбосун — реалдуулукка жакын болушу шарт. Программадагы ар бир сөз маанилүү, бирок каражат жагын кошо ойлонуу керек", — деди эл өкүлү.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кесиптешин оптимист болууга чакырып, стратегияга ар убак өзгөртүү киргизүү мүмкүн экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0