Соцтармак кызыктары: шоу-бизнестин "теке келини", чыгыш бийин катырган байке

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүПятнадцатый Венский бал в Москве
Пятнадцатый Венский бал в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада интернет айдыңына чыккан кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Өлкөдө той сезону башталып эки адам кезиксе той тууралуу сүйлөшүп калды. Ал тургай социалдык тармактарда дагы тойдогу кызыктуу окуялар тынбай жарыяланып жатат. Бири ыры менен, экинчиси бийи менен таң калтырууда.

1. Чимириле бийлеген байке. Бу киши бийлегенде тойдогу кыздар столдун астына кирип кетишти окшойт. Ага бир да кыз тең келе алчудай эмес. Чыгыш бийине чимириле бийлегенде элдин оозу ачылып, каткырыктан боор эзилип калды. Ал киши соцтармактан жылдызына айланып, кызуу талкууга алынууда.

2. Шайыр апалар. Тамада Иманкул Шарипов Insagram баракчасына дагы бир шаңдуу видео жүктөдү. Анда окшош кийинген апалар аяш уулунун тоюнда жандуу ырдап, бийлеп кечене көркүнө чыгарууда. "Той ээлери 30 жыл мурун үйлөнгөндө ушул курамы менен ырдашкан экен. Эми балдарынын тоюнда да кайталаганга насип этип отурат" деп жазган ал.

3. Теке келин. Жума күнү борбор калаадагы тойканалардын биринде рэпер Баястандын колуктусу Зульфиянын кыз узатуусу болду. Ал дунган элинин улуттук кийимин кийип, өз салты менен үйүнөн узаган. Ал эми үлпөт тою кыргыздын салты менен өтөрүн маалымдашкан. Эки жаштын махабат кечеси жакынкы күндөрү Ысык-Көлдө болору күтүлүүдө. Зульфия тойдон кийин баракчасына сүрөт жүктөп "сүйүү улут тандабайт, рэп менен бий дагы ушунда" деп жазып "текекелин" деген хэштег коюп койгон.

4. Не карайсың мени. Бул балакай эжеси турмушка узап баратканына аябай ызаланып ыйлап жатат. "Эже, мени сизди абдан жакшы көрөм. Сен мени урушуп, урчусуң, жардам берчүсүң. Эркин, мен сага ишенип эжемди тапшырам" деп унчукпай туруп калганда тамада келип микрофонду алайын десе "Не карайсың мени" деп сүр көрсөткөн. Иничектин окуясы тойдогу коноктордун баарын күлкүгө бөлөдү.

5. Ысыктан коргологон бала. Узаган жумада өлкөдө мээ кайнаткан ысык болуп көлөкө издеп шаштыбыз кетти. Мунун жолун тапкан бөбөк 40 литрлик флягага суу толтуруп ичине түшүп жыргап атат.

6. Үнүңө береке. Кадимки эле күндөрдүн биринде жаш кыз тамактанып бүткөн соң дасторкондун чекесинде обон созуп койгон. Улуураак аял комуз чертип, ар жагында жаш кыз келиштире ырдаптыр. Ал Калмурат Рыскуловдун "Адамдарга кайрылуу" деген ырын аткарган. Facebook тармагына жүктөлгөн видеону бир жуманын ичинде 100 миңден ашуун адам көрсө, 1000ге чукул киши бөлүшкөн.

7. Мен дагы эле кичинемин. Бул сыйкырдуу килемди "качан турмушка чыгасың?" деген суроодон тажаган кыздарга белек кылсаңыз аябай сүйүнөт. Келип сураганда эле "мына мен дагы эле кичинекеймин" деп жайгарып коёт. Ошону менен экинчи сурагыс болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0