Кызынын аты – Ракета, уулунун аты – Автомат. Кыргызстанда дагы кандай ысымдар бар

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Кулунду Лейлекского района Баткенской области
Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жерде биометрикалык маалыматтарын тапшырган, эрезеге жеткен жарандар тууралуу сөз болууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктар балдарынын атын кээде техникага байланыштырып койгон учурлар кездешет. Алардын арасында куралдарды эстеткен учурлар да бар. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы шайлоочулардын тизмесине көз салып, бир карап чыкты. Бул жерде биометрикалык маалыматтарын тапшырган, эрезеге жеткен жарандар тууралуу сөз болууда.

Алардын арасында Канжарбек аттуулар көп жолукту. Анткен менен Автомат деп аталган ысым бар экенин алгач ирет кезиктирдик. Алардан сырткары, Ракета аттуу эки аял кишини шайлоочулардын тизмесинен таптык.

"Летчик байке" десе, кесиби учкуч деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Паспортко жазылган аты – Летчик экенине күбө болдук.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыздар-балдардын кыргызча ысымдарын чогултуп, алардын лексикалык маанисин кантип чечмелегендигин окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0