Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Таңгактап акча ташылчу... Эксперт 2010-жылдагы революциянын себеби тууралуу

Жазылуу
Апрель окуясына энергетика тармагынын коррупцияга белчесинен батышы таасир эткен дейт жарандык коомдун өкүлү.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинде өткөн "Энергетика тармагындагы коррупция менен күрөшүү" аттуу тегерек столдо "Түндүкэлектр" ААКтын директорлору кеңешинин мурунку мүчөсү Сапарбек Аргынбаев Курманбек Бакиевдин учурунда энергетикадагы коррупциянын көлөмү тууралуу кеп салды.

© Sputnik / Максат ЭлебесовЭкс-член совета директоров ОАО "Северэлектро" Сапарбек Аргынбаев
Экс-член совета директоров ОАО Северэлектро Сапарбек Аргынбаев - Sputnik Кыргызстан
Экс-член совета директоров ОАО "Северэлектро" Сапарбек Аргынбаев

Анын айтымында, 2000-жылдардын соңунда аталган тармактагы уурулук болуп көрбөгөндөй күчөп кеткен.

"Ал учурда кассага акча пакеттеп ташылчу, өндүрүлгөн энергиянын теңи көз көрүнөө жок болчу. Суу чет жакка текейден арзан сатылган", — деди Аргынбаев.

Ал энергетика бүгүнкү күндө да эң коррупциялашкан тармак боюнча калып жатканын белгиледи. Эксперт президенттин тикелей кийлигишүүсү болбой туруп абалды кесипкөй адистер да жолго сала албайт деген ишенимде.

Жаңылыктар түрмөгү
0