Телефон кармап турган бала. Архив

ИИМ мессенджердеги Momo оюну боюнча профилактика жүргүзүп жатат

218
(жаңыланган 10:54 15.08.2018)
Эгерде балдардын WhatsАpp мессенджеринде Momo пайда болсо, аны ата-энелер дароо блоктоп салуусу керек.

БИШКЕК, 14-авг — Sputnik. WhatsApp мессенджеринде «көк кит» сымал коркунучтуу Momo оюу тарап жаткандыктан укук коргоо органдары профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат. Бул туурасында ИИМден кабарлашты. 

Буга чейин Ташкенттин ишки иштер башкы башкармалыгы тарабынан Momo тууралуу айтылган. 

Алгач өзүн оюндун куратору деп эсептегендер интернет колдонуучуларды ар кандай форумдардан издеп табат. Андан соң мессенджерге кат жиберишет. Аватаркадан япониялык сүрөтчү тарткан желмогузга окшош аялдын сүрөтүн көрүүгө болот. Кураторлор өспүрүмгө зомбулукту чагылдырган сүрөттөрдү жиберип, андан соң тапшырманы аткарууга мажбурлап, коркутуп-үркүткөн каттарды салат. 

Кыргызстанда да аталган оюн балдар жана өспүрүмдөр арасында жайылып кетишине жол бербөө үчүн ИИМ анын кооптулугу тууралуу эскертет: эгерде WhatsАpp мессенджеринде Momo пайда болсо, аны дароо блоктоп салуу керек. Ата-энелер балдарды көзөмөлдөгөндү унутпоосу зарыл. 

218
Белгилер:
коркунучтар, өспүрүм, оюн, Momo, ИИМ
Ит менен сейилдеп жүргөн кыз асман тиреген имараттардын фонунда. Архив

Асман тиреген имаратта жашоо кимдерге кыйынчылык жаратарын дарыгер айтып берди

0
(жаңыланган 10:49 07.03.2021)
Дарыгер кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Мисалы, көп кабаттуу үйгө тепкич менен баруу кимдир бирөөлөр үчүн кыйын.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Асман тиреген имараттарда жашагандар айлананын кооздугуна жакшы көз чаптыра алат, бирок ден соолукка кооптуулук жараларын медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-терапевт Алексей Хухрев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.

Адис кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Маселен, көп кабаттуу үйлөрдүн лифтиси иштебей калса жүрөк-кан тамыр жана башка оорулары бар адамдарда көйгөй болушу ыктымал.

"Жүрөктүн ишемиялык дарты, ашыкча салмак, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары, астмасы барлар тепкич менен узакка көтөрүлө албай кыйналат", — деген Хухрев.

Ошол эле учурда курч кармаган респиратордук инфекцияга кабылып же кулак тунуп жатса иштеген лифт менен жүрүү дагы оорчулукту жаратышы мүмкүн.

"30-кабат болжол менен 100-110 метрди түзөт. Ага лифт менен 10 секундада көтөрүлгөн адам ыңгайсыздыкты сезет", — деп эскерткен дарыгер.

Бирок адис аллергия менен жабыркагандарга бийик кабатта жашоо бир жагынан пайдалуу экенин айткан. Себеби шамал күчтүү аллерген болуп саналган өсүмдүк чаңчаларын болжол менен 15-кабатка чейин эле көтөрө алат.

0
Белгилер:
жүрөк, аллергия, оору, дарыгер, лифт, тепкич, бийиктик, имарат
Тема боюнча
Ден соолукка пайдалуу шорпо аталды
Адам бир күндө жашылча менен жемишти канча көлөмдө жеш керек
Бишкектеги Жаштар аллеясы. Архивдик сүрөт

Күн жылып, кайра муздайт. Бир жумага карата аба ырайы

62
Аптанын алгачкы күндөрү аба ырайы жылуу болуп, жаан жаабай турганы маалым болду. Жуманын экинчи жарымынан тарта күндүн көзү бузулушу ыктымал.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Билдирмеге караганда, келерки аптада аба ырайы туруксуз болот. Айрым аймактарда жаан карга айланса, кээ бир жерлерде күн ачык болушу күтүлүүдө.

Чүй, Талас облустары

7-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбой турганы айтылды. Эртең менен жана күндүз айрым райондордо жаан карга айланышы ыктымал. 8-мартта күн ачык болсо, 9-10-11-мартта Чүйдө жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы божомолдонууда.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүк аймактарда 8-9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 7, 10, 11-мартта жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерине кар жаашы мүмкүн.

Ысык-Көл облусу

7-8-мартта Көлдө күн жылып, жаан жаабай турганы божомолдонду. Ал эми 10-11-мартта күндүн көзү бузулуп, кээ бир райондоруна кар жаашы ыктымал.

Нарын облусу

7-8-9-мартта тоолуу аймакта күн жылуу болушу божомолдонууда. 10-марттан тарта жаан жаап, 11-мартта кар жаашы мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

62
Белгилер:
жаан, божомол, аба ырайы, Кыргызгидромет
Тема боюнча
Жаз кандай башталат? Мартка карата аба ырайы