Барак эксклавы Өзбекстанга өтөбү? Өкмөттүн жообу

© Фото / Талгат БакиевЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча иштер планга ылайык жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 14-авг. – Sputnik. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелеиндеги чек ара сызыгын аныктоо өз ара пайдалуу негизде жүргүзүлүп жатат. Буга Барак эксклавы да кирет. Мындай билдирүүнү өкмөттүн маалымат кызматы таратты.

Буга чейин Оштогу Барак эксклавы Өзбекстанга өтүп, ушундай эле тилке Кыргызстандын ээлигине бериле турганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышкан. 

Город Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилди
Өкмөттүн аппараты кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо өкмөттүк делегациялардын жумушчу топтору тарабынан эки өлкөнүн премьер-министрлери бекиткен планга ылайык жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мында иштер илгерилеп жатканын байкоого болору айтылды.

Кошумчалай кетсек, Барак Ош облусунун Кара-Суу районуна карайт. Буга чейин Кара-Суунун Сары-Колот айылынан Барак эсклавынын жашоочуларына 18 гектар жер бөлүнүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0