Салтанат Саматованын сөөгү кайда коюлары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү алып баруучу Салтанат Саматованын архивдик сүрөтү
Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанат Саматова жети жылдан бери онкологиялык илдет менен күрөшүп келген.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Узакка созулган оорудан улам каза тапкан белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованын сөөгү 16-август күнү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу кесиптеши Эркин Рыскулбеков билдирди.

Эскерте кетсек, Саматова 15-августка караган түнү саат 1.30дарда көз жумган.

"Саат 10.00дө КТРКнын алдында митинг-реквием өтөт. Андан кийин сөөк "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет", — деди Рыскулбеков.

Салтанат Саматова жети жылдан бери онкологиялык илдет менен күрөшүп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0