Бишкек — Ош жолундагы каргаша: 8 адамдын өмүрүн алган айдоочуга өкүм чыкты

© Фото / пресс-служба МЧС КР8 кишинин өмүрүн алган Бишкек — Ош унаа жолунун 460-чакырымындага жол кырсыгы. Архив
8 кишинин өмүрүн алган Бишкек — Ош унаа жолунун 460-чакырымындага жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 2017-жылдын 20-июлунда болгон.

ОШ, 15-авг. – Sputnik. Ош шаардык соту Бишкек — Ош жолунда кырсыкка кабылып, 8 адамдын өлүмүнө забын болгон айдоочуну 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, айдоочу буга чейин жасалма күбөлүктүн негизинде унаа башкарып жүргөн.

Кочкор районунда шаршемби күнү болжол менен таңкы саат 5.00дөрдө Audi комбайнды сүзүп алганын Нарын облустук милициясы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо кырсыктаган киши менен ага жардам берген адамды минивэн коюп кетти. Сүрөт
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 20-июлунда саат 06:30дар чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 460-чакырымында оор жүк ташуучу унаа, Honda Stepwagon жана Honda Odissey унаалары кагышкан. Honda Odissey унаасында 6 жүргүнчү, оор жүк ташуучу унаада 2 адам жана Honda Stepwagon унаасында 9 адам болгон. Андагы 8 жүргүнчү окуя болгон жерде каза болуп, айдоочусу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына тез жардам унаасы менен жеткирилген.

"Бул окуяга байланыштуу айдоочу Д.С. Кылмыш жаза кодексинин 350-беренесинин 6-бөлүмү (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан документтерди, мөөрлөрдү жасоо, даярдоо же аларды пайдалануу) жана 281-берененин 3-бөлүмү (транспорт каражаттарынын пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу менен бир нече адамдын өлүмүнө алып келүү) боюнча айыпталды. Жыйынтыгында 59-берененин негизинде үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан, 15 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленди. Соттолуучунун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды", — деди Осмонкулов.

Ошондой эле жабырлануучулардын пайдасына соттолуучудан жалпы 1 миллион 192 миң 600 сом материалдык жана моралдык зыян өндүрүү каралган.

Ал эми Ош шаардык соту кырсык боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

2017-жылдын 20-июлунда таңкы саат 05:30дар чамасында Таш-Көмүр шаарынын чыгыш тарабынан өткөн Бишкек — Ош автожолунун 468-чакырымында Бишкек шаарынан Ош шаарын көздөй келе жаткан Honda Stepwagon автоунаасы ошол эле багытта бараткан Honda Odissey унаасын каршы тилкеге чыгып ашып өткөн. Кайра өз жолуна кайтып бара жатканда Ош шаарынан Бишкекти көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

ДТП на трассе Бишкек — Нарын — Торугарт - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы жерлеринде жол кырсык көп болот? Карта
Жол кырсыгынын кесепетинен жүк ташуучу унаа оң капталына жыгылып, ал эми Honda Stepwagon унаасынын арткы бөлүгү арттагы Honda Odissey менен дагы бир ирет кагышкан. Натыйжада 8 адам каза болуп, күнөөлүү айдоочу оор жаракат менен Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген.

Ошондой эле жол кырсыгына кабылганга чейин айыпкер Ош — Бишкек каттамы боюнча жүргүнчү жана жүк ташууга автоунаасынын үстүнө негизсиз кошумча багаж орнотуп алганы белгилүү болду. Өзүнүн автоунаасынын транспорт каражатын каттоо жөнүндөгү күбөлүгүнүн "өзгөчө белгилөөлөр" бөлүгүнө "багажник коюлган" деген жазууну мыйзамсыз жазып алган. Ош ШИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн техникалык көзөмөлдөө тобунун жооптуу кызматкеринин кол тамгасын жасалмалап, "Ош ШИИБдин техникалык көзөмөлдөө тобу" деген жасалма мөөр менен күбөлөндүрүп, мыйзамсыз колдонуп келгени аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0