IT-адис: кыргызстандык вебкам-моделдерди ишке алып жатканда алдашат

© AP Photo / Dita AlangkaraТелефон кармап турган кыз. Архив
Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздар студиянын уюштуруучуларынын купуялуулук боюнча убадасына ишенип калышат. Алар жасап жүргөн ишин жакындары билип калат деп шектенбейт дагы.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Вебкам-моделдерге мекенинде толук купуялуулукту сактоого эмнеге эч ким кепилдик бере албай турганын IT-адис Михаил Дудин Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн тегерек стол учурунда билдирди.

Вебкам-студиянын уюштуруучулары кыздарды ишке алып жатканда алардын ишин бир дагы кыргызстандык көрбөй турганын жана видеочат тийиштүү өлкөлөрдө гана жеткиликтүү экенин айтып ишендиришет.

Анткен менен видеочат аркылуу эротикалык жана порнографиялык шоу көрсөткөн кыздардын сүрөт-видеолору Кыргызстандын интернет айдыңына дагы тарай баштады.

"Эротикалык видеочат Кыргызстанда жеткиликтүү эмес болсо дагы, баары бир аны "айланып өтүүгө" жол бар", — деди Дудин.

Анын айтымына караганда, каалаган адамдын бардыгы тийиштүүү программаларды колдонуу менен видеочатты көрө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0