Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Электрондук мамлекеттик тейлөөнү ишке киргизүү үчүн Түндүк системасына кошулуу боюнча кеңешмеде

Абылгазиев: "Түндүктү" тереңдетип, бюрократияны азайтуу зарыл

162
(жаңыланган 20:53 16.08.2018)
Өкмөт башчы элди убарага салып, убактысын ашыкча алган ыкмаларды четинен жоюу туурасында айтты.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Юридикалык жана жеке тараптардын керектүү маалымдамаларды мамлекеттик органдарга кагаз түрүндө тапшырып жүргөн ыкманы жоюуга мезгил жетти. Жарандар талап кылынган документтерди мамлекеттик органдарга көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардан маалымдамаларды чогултпоосу тийиш. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Электрондук мамлекеттик тейлөөнү ишке киргизүү үчүн "Түндүк" системасына кошулуу боюнча кеңешмеде билдирген.

Өкмөттүн тараткан маалыматында премьер кайсы бир иштерге керек болгон документтерди чогултууда же мамлекеттик органдарга тапшырууда элди убара кылып, убактысын ашыкча алган ыкмаларды четинен жоюу туурасында айтканы белгиленет.

"Ал үчүн электрондук тейлөөлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдөгү маалыматты пайдалануу же "Түндүк" тутуму аркылуу маалыматты өз алдынча алуу зарыл. Жарандар башка мамлекеттик органдарга көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардан маалымдамаларды чогултпоосу тийиш. Бул максатта "Түндүк" тутуму иш алып барат", — деген Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул багытта ведомстволор менен министрликтерге тиешелүү иш-чараларды алып баруу зарылдыгын айткан.

"Буга байланыштуу планга ылайык маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жана аларды "Түндүк" тутумуна кошуу бардык мамлекеттик органдар үчүн артыкчылыктуу милдеттерден болуп саналат", — деди Абылгазиев.

2018-жылдын апрель айында Кыргызстанда электрондук мамлекеттик тейлөөнү ишке киргизүү үчүн "Түндүк"системасы түзүлгөн. Ал электрондук башкарууга өтүүнүн алкагында ведомстволор аралык өз ара иштешүүнүн сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.

162
Белгилер:
план, кеңешме, өкмөт, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема боюнча
"Коопсуз шаар" боюнча 2,5 млрд. сомдон ашык акчага тендер жарыяланды
Кудайбердиева: Бишкекте мектепке кирүү үчүн электрондук кезекке туруу керек болот