Кыз. Архивдик сүрөт

Батаны бузбайт, бейчеки баспайт. Колуктуга байланыштуу 6 "болбойт"

1081
(жаңыланган 10:38 18.08.2018)
Кыргыздардын салттык турмушунда үйлөнүү бел куда, бешик куда, кайчы куда жана бойго жеткен кыздарды кудалоо жолдору аркылуу ишке ашып келген. Баласы бойго жеткен ата-эне айыл арасынан тууган-туушкандарынан сураштырып, баласына ылайыктуу кыз караштыра баштаган.

Мурда кызга көз арткандар эртелеп эле сөйкө салып же куда түшүп коюшкан. Муну менен кыз алчу тарап аны эртелеп "менчиктеп" койгон болгон. Мындан кийин ал кыз "колукту" деп аталып, ага бирөөнүн аманаты катары мамиле кылышкан. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги этнографтар Гулзада Абдалиева жана Динара Молдокуловалардын жардамы менен колуктуга болбой турган нерселерди тизмектеди.

Байчеки баспайт. Кудаланган кыз бир айылдын көз алдында болуп турат. Мындан улам бейчеки бастырбай, чоочун адамдардан оолак кармашкан. Үйдөн алыс чыгарган эмес. Барчу жерине жалгыз жөнөтпөй, жанында жеңелери коштоп жүргөн. Сөз тийип калбасын деп ар дайым көзөмөлдө болгон. Бул учурда аны узчулукка, саймачылыкка, жалпы эле чарбачылыкка үйрөтүшчү. Өзүңдүн себиңди даярдап кет деп шырдак шырытып, сайма сайдырып, үй оокаттарын жасаткан. Өзүнө сеп даярдайт деген шылтоо менен эле ал көп нерсени үйрөнүп алган.

Болочок кайындарынан алдынан кыя өтпөйт. "Кыз бир кирген жиринен чыкпаш керек" деп колукту кайын-журтунун айылына басып барган эмес. Качуу салты кудаланган убакыттан тартып башталган. Ал кайындалган мезгилде болочоктогу кайын атасы, күйөөсүнөн улуу туугандарына көрүнгөн эмес жана алар отурган үйгө кирген эмес. Эгерде кызды кичине кезинде кудаласа ал 12-13 жашка толгондон баштап мындай жүрүм-турум эрежелерин аткара баштаган. Ошондой эле жөрөлгө менен тергөө салтында дагы кармалган. Атап айтканда, колукту күйөөсүнөн улуу туугандарын атынан атаган эмес.

Кыз узатуу. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Владимир Пирогов
Баш тартса айып төлөгөн. Кыргыз коомунда кыздын ата-энесинин астынан өтүп, калыңын берип кудалашып койгондон кийин ал жигитке турмушка чыгуудан баш тартып же башка менен кетип калса анын үй-бүлөсү, ал тургай ошол уруу чоң уятка калган. Мындай учурда кыздын алган калыңын эки-үч эселеп кайтарууга туура келген. Азыр деле тойдун алдында колукту турмушка чыгуудан баш тартса бергенин бергендей толугу менен кайтарат. Бирок батаны бузган кыз деп эл арасында сөзгө калат. Бул анын үй-бүлөсүнүн ар намысына да доо кетирет.

Кайындалган кызды ала качпайт. Илгери колуктуну ала качуу чоң чатакка айланган. Бул кылмыш катары эсептелип, оор өлчөмдөгү айып төлөгөн. Айыптын өлчөмү калыңга салыштырмалуу кыйла жогору болуп, ага кызга төлөнгөн калыңдан тышкары тогуздап мал кирген. Кайындуу кызды алдырып жиберүү бүткүл уруу үчүн чоң намыс эле. Ушунун айынан эр өлүп калган учурлар да болгон. Кыргыздарда эки кылмышка чоң жаза колдонулган. Бири — кайындуу кызды ала качуу же никелүү аялды бузуу. Муну "эриш бузуу" деген. Эриш бузган адам аябагандай чоң айыпка жыгылган. Экинчиси — эр (киши) өлтүрүү болгон деп эсептелет.

Колуктуну үйүндө көпкө кармабайт. Бойго жеткен кызга сөйкө салып кудалап кеткенден кийин ал ошол бүлөнүн аманаты болуп калган. Ар дайым элдин назарында болгондуктан жаман көздөн, жаман сөздөн сактоо зарыл. Мындан улам кайындалган кызды узак убакытка чейин үйдө кармашкан эмес. Көпкө созуктурбай колуктусун алып кетүү керек болгон. Ал эми бала чагында кудалашкан болсо кыз бойго жетери менен каадасын кылып той өткөрүп үйүнөн узатышкан. Эгер бойго жеткенде алып кетпесе күйөө тараптын намысына шек келип калган.

Колуктуну жалгыз узатпайт. Кыз алганы келген тарапты көңүл кош тоспойт. Илгери кыргыздар кыз узатууну 30-40 күндөп өткөрүп, чоң той беришкен. Колунда барлары улуттук оюндун түрүн ойнотуп, ал эми кыз алчу тарап түрлөп малын алып келген. Элибиз "куда миң жылдык" деген сөздү бекем карманып, келген тарапка сөзсүз мал союп, дасторконун жайнатып сый көрсөткөн. "Куда тоскондой сыйлады" деген сөз да ушудан улам айтылып калган. Ал эми кызын узатып жатканда сөзсүз анын жанына жеңесин, азыркы тапта курбу кыздарын кошуп жиберишет. Анткени алар кыз менен барып ал жердин кандай экенин көрүп кайра келип ата-энесине маалымат берип, көңүлүн жай кылган. Ошондой эле кызды жаңы кетип жатканда эч качан эркек тууганы коштоп барбайт.

1081
Белгилер:
калың, баш тартуу, күйөө
Тема:
"Болбойт" рубрикасы (83)
Тема боюнча
Кош бойлуу келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Үлпөт тойдун алдында сүйлөшкөн кызым менден баш тартты. Жаш жигиттин муңу
Кызым, кызыл тузум!.. Ата менен кыз баланын ортосундагы 7 "болбойт"
Эркек киши көрбөйт! Кыздын себине байланыштуу 5 "болбойт"