Казакстандын борбору Астананын көчөлөрүнүн бирине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун аты берилди

Астанадагы көчөгө Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Жеринен тартылган сүрөт

220
(жаңыланган 10:57 17.08.2018)
Залкар жазуучунун ысымы коюлган көчө калаанын Есиль районунда жайгашкан.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Казакстандын борбору Астананын көчөлөрүнүн бирине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун аты берилди. Бул туурасында Казакстанда иштеп жүргөн журналист Алия Самидин билдирди.

  • Казакстандын борбору Астананын көчөлөрүнүн бирине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун аты берилди
    Казакстандын борбору Астананын көчөлөрүнүн бирине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун аты берилди
    © Фото / Алия Самидин
  • Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухадемиулы катышты.
    Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухадемиулы катышты.
    © Фото / Алия Самидин
1 / 2
© Фото / Алия Самидин
Казакстандын борбору Астананын көчөлөрүнүн бирине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун аты берилди

Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухадемиулы катышты.

"Аталган көчө калаанын Есиль районунда жайгашкан. Бакытжан Сагинтаев "Астанадагы көчөгө Айтматовдун атын ыйгаруу эки өлкө ортосундагы достуктун үлгүсү" деп сыпаттады", — деди журналист.

Белгилей кетсек, Абылгазиев бүгүн, 16-сентябрда, Астанага кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн барган.

220
Белгилер:
ысым, көчө, Чыңгыз Айтматов, Астана
Тема боюнча
Токиодо Чыңгыз Айтматовдун япон тилиндеги китебинин бет ачары болду
Екатеринбургдагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилмекчи
Коноктор майрам учурунда. Архив

Парламентте мааракелик той-аштарды чектөө боюнча мыйзам долбоору сунушталды

0
(жаңыланган 14:21 04.06.2020)
Талкуу учурунда эл өкүлү Акылбек Жапаров бүт майрам, той-аштарды бир учурда, күзүндө 10 күндө өткөрүп коюу керектигин айтты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Кыргызстандагы юбилейлик иш-чараларды чектөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, биринчи окууга алып чыкты.

Депутаттын айтымында, жылына 100дөн ашуун юбилейлик иш-чара өткөрүлөт. Мисалы, 2017-жылга 120, 2018-жылга 105 иш-чара бекитилген. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары, тийиштүү уюмдун же мекеменин чечими менен корпоративдик маанидеги юбилейлик иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Депутат ЖК Зиядин Жамалдинов на заседании
© Фото / пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов
"Бюджеттик каражаттардын чектелүү экендигин эске алып, мааракелерди өткөрүүнүн мезгилдүүлүгүн чектөөнү максатка ылайыктуу деп эсептейм. Мыйзам долбоорунда жалпы улуттук, региондук жана корпоративдик маанидеги иш-чараларды өткөрүү үчүн юбилейлик даталарды 50 жыл, 75 жыл, 100 жыл жана андан кийин ар бир 25 жыл сайын белгилөө сунушталууда. Өзгөчө учурларда гана президенттин чечими менен башка даталарда юбилейлик иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн", — деди Жамалдинов.

Депутат мааракелик иш-чараларды өткөрүүдө ишкерлерден акча алып, мамлекеттик органдар, жергиликтүү кызматкерлер көп убактысын короторун белгилди. Ал эми "жылкы союу, боз үй тигүү" деген тапшырмаларды аткаруу үчүн айыл өкмөттөргө күч келерин айтты.

Аталган мыйзам долбоору бюджеттик чыгымдарды кыскартуу максатында демилгеленген. Мында эгерде атактуу адамдардын урпактары жеке каражатына юбилейлик иш-чара өткөрүүнү кааласа, тыюу салынбай турганы айтылган.

Талкуу учурунда депутат Элвира Сурабалдиева ар 25 жыл сайын эмес, 100 жылдык юбилейлерди гана белгилөөнү сунуштады.

Эл өкүлү Акылбек Жапаров бүт майрам, той-аштарды күзүндө 10 күн өткөрүп коюу керек деп эсептейт.

Жапаров Акылбек Усенбекович — депутат Жогорку Кенеша
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Эл өкүлү Акылбек Жапаров
"Той-ашты күзүндө гана бир жолу өткөрсө болот деп ойлойм. 31-августтан 10-сентябрга чейин болгон юбилейлик даталарды белгилеп алсак. Муну кезеги менен ар бир облуста мамлекеттик деңгээлде өткөрсөк. Мисалы, быйыл кесиптик майрамдарды дагы кошуп, Баткенден баштасак болмок. Кытай жаңы жылды 10 күн тосот экен, андан кийин майрам жок. Ошол сыяктуу кылып бир эле өткөрүп коёлу", — деди депутат Акылбек Жапаров.

Дагы бир депутат Эмил Токтошев куру намыска алдырып бири-бирине атаандашуу болорун, мындан улам өз алдынча юбилейлик даталарды да өткөрүүгө чек коюу керектигин айтты.

0
Белгилер:
депутат, иш-чара, кыскартуу, маараке, Зиядин Жамалдинов
Өткөрүү бекетинде медициналык кызматкер. Архив

Жээнбеков: коронавирус инфекциясы аймактардагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды

18
(жаңыланган 14:02 04.06.2020)
Жээнбеков бүгүнкү онлайн-жыйында аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар эми бир топ күчөтүлөрүн билдирди.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынан кийинки өзгөчө кырдаал аймактардагы топтолгон бир топ кемчилик, көйгөйлөрдү ачыкка чыгаргандыктан, облустарды санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон калат. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен санарип баарлашуу учурунда айтканын анын маалымат кызматы кабарлады.

Президент аймактарды башкаруу, жергиликтүү бизнести колдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланып, региондордун атаандаштык артыкчылыктарын болушунча жогорулатуу керектигин баса белгилеген.

"Аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар күчөтүлөт", — деген Жээнбеков.

Бул жыйында облус жана райондордун жетекчилеринин ишин баалоонун башкы критерийи эмнелер болорун да айткан.

"Негизги максатыбыз — жаңы санарип мамилелерди колдонуу менен региондорду комплекстүү жана ырааттуу өнүктүрүү. Бюрократияны кыскартып, жер-жерлерде калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, муниципалдык кызматтагы жол-жоболорду автоматташтыруу менен жарандарыбыздын жашоо-турмушун жеңилдетүү — негизги милдеттерибиздин бири. Региондорго санарип технологияларды киргизүү жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү облус жана райондордун жетекчилеринин ишин баалоонун башкы критерийлеринин бири болуп калат", — деген президент.

Онлайн-жыйында өлкөнү санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чаралар талкууланды.

18
Белгилер:
жетекчи, талап, аймактар, коронавирус, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жээнбеков жардамчысын Кадр кызматынын жетекчи орун басары кылып дайындады