Милиция кызматкерлери. Архив

Курман айт күнү Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилет. Карта

151
(жаңыланган 18:17 02.11.2021)
Коомдук тартип менен коопсуздукту эки миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлгө алат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Курман айт күнү, 21-августта эски аянттын айланасындагы жолдорго убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден маалымдашты.

Ошондой эле Курман айт намазы учурунда коомдук тартип менен коопсуздукту сактоо үчүн борбордук жана эски аянтты, калаадагы бардык мечиттерди эки миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлгө алат.

21-августта чектөө киргизиле турган көчөлөр:

— Фрунзе көчөсү — Панфиловдон Эркиндикке чейин;

— Абдымомунов көчөсү — Панфиловдон Тыныстановго чейин;

— Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү — Чүйдөн Фрунзеге чейин.

Шаардык милиция укук коргоочулардын талаптарына түшүнүү менен мамиле жасап, шектүү буюм-тайымдарды байкап (жанына барып кармалоого болбойт) калгандар болсо 102 кызматына кабарлоого чакырат.

Курман айт намазынын программасын Sputnik даярдаган материалдан окуңуздар.

151
Белгилер:
Бишкек, Курман айт майрамы, намаз, жол, коопсуздук
Тема боюнча
Муфтият Курман айт намазынын программасын жарыялады
Курман айттын так күнү айтылды
Кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алмай болду
Арашан айылындагы парламенттик шайлоодо жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо участкасында иштеп жаткан учуру

Добуштардын 40%ы саналды. Алдыда келе жаткан 7 партиянын тизмеси

197
(жаңыланган 13:41 01.12.2021)
Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер эсептелип, протоколдор БШКга жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 40,10 пайызы кол менен саналып бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер саналып бүтүп, протокол жөнөтүлгөн. Бул 446 907 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 273 557 кыргызстандык катышкан.

Азырынча төмөнкү партиялар беш пайыздык босого чектен өттү:

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

197
Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, пайыз, добуш, саноо, кол
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
Адис жаңылган. БШК сайттагы добуштарды ким көбөйтүп салганын айтты
Шайлоо-2021: бир мандаттуу округ боюнча кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы
Шайлоонун партиялар боюнча алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо
Адамдар пляжга барышат. Архив

Глобалдуу жылуулуктан кийин адамдын келбети да, мээси да өзгөрөт. Иликтөө

29
(жаңыланган 12:46 01.12.2021)
Адистер климаттын өзгөрүшү адамдын сырткы көрүнүшүнө таасир этип, андан сырткары, ден соолугуна да өзүнүн "салымын" кошорун айтты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жер планетасындагы глобалдуу жылуулуктан улам адамдын сырткы көрүнүшү кантип өзгөрө тургандыгын илимпоздор изилдеп чыкканын "Газета" кабарлады.

Илимий эмгектин авторлорунун белгилегенине караганда, эволюция теориясы боюнча жаратылыш шарттары алмашканда түрлөр, жандыктар да өзгөрөт. Бир катар окумуштуулардын айтымында, мындай нерседен адамдар да куру калбайт.

"Климаттын жылып башташы жаныбарлардын кебетесин өзгөртөт" деп аталган эмгектин автору, биолог Сара Райдинг климаттын өзгөрүшү жана глобалдык жылуулук жан-жаныбарлардын көнүшүп кетишинин темпин тездеткен деп эсептейт.

Ыңгайлашкан башка жан-жаныбарлар — европалык чычкандар менен келемиштин бир түрүнүн буттары узарып, денесинин башка түрлөрү да мурдагыдан чоңойгон.

Ал эми адамдарга келе турган болсок, өзгөрүлгөн жылуулуктун айынан меланинди көбүрөөк бөлүп чыгары айтылды. Бул пигменттин териге, чачка жана көзгө өзүнүн таасирин тийгизет. Ал көбүрөөк болсо, теринин өңү кара тору тартып, көз менен чач да карарат.

Климаттын алмашуусу менен адам баласы өзү да, мээсинин көлөмү да өзгөрөрү айтылууда. Изилдөөлөр адамдын орточо көлөмү менен мээси ар дайым өзгөрүп турарын, тагыраагы, суук чоңойтуп, ал эми ысык, тескерисинче, кичирейтерин көрсөткөн.

Илимпоздор глобалдуу жылуулуктун башталып келе жаткандыгынын айынан адамдын мээси менен денеси кайрадан кичирейиши мүмкүн дейт. Кембридждегилер адамдын эс тутуму, сүйлөөсү, бир нерсени тез үйрөнүп кетиши жана мээдеги кан айлануунун жайлай турганын айтышты.

29
Белгилер:
глобалдык жылуулук, илимпоз, изилдөө, адам, келбет
Тема боюнча
Ааламда ири жаратылыш кырсыктары эмнеге болуп жатканын окумуштуулар түшүндүрдү
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат

БШКнын партия өкүлдөрү менен жолугушуусу. Түз эфир

0
Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтын БШК сайтында туура эмес көрсөтүлүп калышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында саясий партиялар менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Иш-чарага "Жарандык көзөмөл" коомдук фонду менен ЖМКнын өкүлдөрү катышууда.

БШКнын имаратынын алдына парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына макул эмес болгон партиялардын 100гө чукул тарапташы чогулду.

0
Белгилер:
БШК, сайт, саясый партия, жолугушуу
Тема боюнча
Депутаттар БШКнын мүчөлөрүн парламентке чакырып жатат
Добуштардын 40%ы саналды. Алдыда келе жаткан 7 партиянын тизмеси