"Коопсуз шаар" пилоттук долбоору кандай жыйынтык бергени айтылды

Жазылуу
Подрядчынын иштөө мөөнөтү беш жылга каралган. Айып пулдан түшкөн каражаттын айрым бир бөлүгү подрядчыга кетет.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Жол эрежесинин бузулушун каттоо долбоорунун алкагында салынган айып пулдун бешинчи бөлүгү гана төлөнөт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Кубаныч Шатемиров "Коопсуз шаар" долбоорун тааныштырып жатып айтты.

Ал буга чейин камералар "Азамат" унаа базары менен Бишкектин төрт кесилишине коюлганын эске салды.

"Бишкектеги сынамык долбоордун натыйжасында камера жолдон өткөн 2 миллион 160 миң унааны жана жол эрежеси бузулган 113 миң учурду каттап калган. Ал эми унаа базардын жанындагы камерага 132 эреже бузуу түшүп, 11,6 миллион сом айып төлөнгөн", — деди Шатемиров.

Жолдогу камералар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаарга" корочу 2,5 млрд. сомду ким төлөйт? Тендердин шарты
Анын айтымында, подрядчынын иштөө мөөнөтү беш жылга каралган. Айып пулдан түшкөн каражаттын айрым бир бөлүгү подрядчыга кетет.

"Айып пулдун орточо көлөмү — 500 сом. Ал эми подрядчы анын 240 сомун алса, калганы мамлекетке түшөт. Подрядчы ала турган акча жылдан жылга азая бермекчи", — деди Шатемиров.

Адис бул болжолдуу сандар экенин, жыйынтык мындан да жакшы болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0