Көчмөндөр оюну үчүн бир ажаткана 300 миң сомго курулуудабы? Маморгандын жообу

Жазылуу
Кырчын жайлоосуна ажаткана куруу үчүн мамлекеттен 2,3 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги Кырчын жайлоосуна орнотула турган ажатканалардын баасы тууралуу түшүндүрмө берди.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын желги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Көчмөндөрдүн кийинки оюндарын өткөрбөй турган болду
Буга чейин ЖМКлар 2,3 миллион сомго (ар бири 287,7 миң сомдон) контейнер тибиндеги сегиз ажаткана курула турганын жазышкан. Дагы башкалары жыгачтан жасалган 20 ажаткананын ар бирин 275,6 миң сомго орнотот деп нааразы болушкан.

Ведомствонун маалыматына ылайык бул иштер Кырчынга келген конокторго жакшы шарт түзүп, сапаттуу тейлөө үчүн жасалууда. Бирок айтылып жаткан баалар чындыкка дал келбейт.

"Жалпы жонунан сегиз жерге беш орундуу ажаткана курулат. Баарына суу менен жабдуу системасы кошулат. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да шарт түзүлгөн. Бир контейнердин баасы 287,7 миң сом, буга кошумча нарк салыгы жана башка салыктар, Соцфондго чегерүү кирет. Ошондой эле жеткирүү жана орнотуу кызматтары да кошулган. Баарын кошкондо жалпы суммасы 2,3 миллион сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, дагы жыгачтан жасалган 20 чакан ажаткана орнотулат. Алардын баарынын суммасы биригип 375,6 миң сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0