Бишкек: эртең 13 көчөдө электр жарыгы өчүрүлөт. Тизме

CC BY 2.0 / Chris Waits / Power outОтключение электроэнергии в КР
Отключение электроэнергии в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр жарыгы менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашына оңдоп-түзөө иштери себеп болот.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ишембиде, 18-августта, Бишкектин бир топ аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык өчө турган аймактар:

Саат 09.00дөн 12.00гө чейин Ахунбаев, Федоров көчөлөрү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинде;

Саат 09.00дөн 18.00гө чейин Боталиев, Мусулманкулов көчөлөрүндө жана Челябинск, Алтай, Каарман чолок көчөлөрүндө;

Саат 10.00дөн 17.00гө чейин Элебесов, Васильев, Маяковский, Щербаков көчөлөрүндө;

Саат 12.00дөн 17.00гө чейин Токтоналиев көчөсүндө.

Электр жарыгы көмөкчү станциялардагы оңдоп-түздөө, куроо жана жаңы электр кубатын өткөрүүчү кабелдерди тартуудан улам болуп жаткандыгы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0