Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПрирода Иссык-Кульской области
Природа Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

БИШКЕК, 17-авг — Sputnik. 18-августта Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет кабарлады.

Фонтанда эс алып жаткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Августтун ичинде аба ырайы кандай болот. Синоптиктердин жообу
Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +27…+32 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34 градуска жетет. Ысык-Көл облусунда күндүн табы +22…+27 градус болсо, Нарында +23…+28 градуска чамалап барат.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +30…+32 градус болору маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0