Туристтердин Ысык-Көлгө ээн эркин келишине жол ачылмай болду

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЗаседание Межправительственного совета Кыргызстан-Казахстан
Заседание Межправительственного совета Кыргызстан-Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отурум 17-августта Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Мухаммедкалый Абылгазиев жана Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгында өттү.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык VII кеңешинде бир катар документтерге кол коюлуп, эки чек ара өткөрүү пунктунун статусу өзгөртүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдришти.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргыз-казак өкмөттөр аралык VII кеңешинде бир катар документтерге кол коюлуп, эки чек ара өткөрүү пунктунун статусу өзгөртүлдү.
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык VII кеңешинде бир катар документтерге кол коюлуп, эки чек ара өткөрүү пунктунун статусу өзгөртүлдү. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык VII кеңешинде бир катар документтерге кол коюлуп, эки чек ара өткөрүү пунктунун статусу өзгөртүлдү.
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевАтайын кеңеш бүгүн, 17-августта Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгында өттү.
Атайын кеңеш бүгүн, 17-августта Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгында өттү. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Атайын кеңеш бүгүн, 17-августта Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгында өттү.
1/2
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык VII кеңешинде бир катар документтерге кол коюлуп, эки чек ара өткөрүү пунктунун статусу өзгөртүлдү.
2/2
Атайын кеңеш бүгүн, 17-августта Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгында өттү.

Атайын кеңеш бүгүн, 17-августта Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгында өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Коргоо министри, генерал-полковник Сакен Жасузаковду кабыл алып, эки мамлекеттин ортосундагы аскерий-техникалык кызматташуу боюнча пикир алышты - Sputnik Кыргызстан
Аскерий кызматташууга кадам. Жээнбеков Казакстандын Коргоо министри менен жолукту
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу документке кол коюлду. Ошондой эле көзөмөл өткөрүү пункттарынын статусун өзгөрткөн протокол кабыл алынды. Ал документ күчүнө кирген соң чек арадагы "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү бекеттери көп тараптуу болуп калмакчы. Анын арты менен чет элдик туристтердин Ысык-Көл облусуна ээн эркин кирүүсүнө жол ачылат. 

Ошондой эле "Ак-Тилек" менен "Ак-Жол" пунктунан өтө турган адамдардын саны дагы азая түшөрүн өкмөттөн кабарлашты.

Отурумдун соңунда КРдин Экономика министрлиги менен Казакстандын Улуттук экономика министрлиги ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

"Келишимде эки өлкөнүн бардык маанилүү экономикалык маселелери каралып, товар айлануунун өсүшү камтылган. Документте ошондой эле суу ресурстарын колдонуу жаатындагы алаканы, ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук жана башка көп көйгөйлүү маселелер эске алынган", — деп жазылат малыматта.

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн бир миллиард долларга чейин жеткирүү максаты алдыга коюлган. Кыргызстан менен Казакстандын кезектеги VIII отуруму 2019-жылы Бишкекте өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0