63 жашка толду! 18-премьер-министр Жоомарт Оторбаев тууралуу 6 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Кыргызской Республики Оторбаев Джоомарт Каипович
Премьер-министр Кыргызской Республики Оторбаев Джоомарт Каипович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү окумуштуу, коомдук ишмер Жоомарт Оторбаев 63 жашка толду. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, өкмөт башчылыгына чейин жеткен саясатчы азыр өзү сүйгөн иштер менен алек. Sputnik Кыргызстан агенттиги эл аралык деңгээлдеги илимпоз жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Аккан арыктан суу агат. Жоомарт Оторбаев 18-августта Бишкек шаарында туулган. Атасы Кайып Оторбаев география илимдеринин доктору, көрүнүктүү окумуштуу болгон. Апасы Мария Нанаева 60 жылдан ашык агартуучулук тармагында иштеген өлкөнүн эмгек сиңирген дарыгери. 

Илимде такшалган Жоомарт. Кыргызстандын болочоктогу өкмөт башчысы 1978-жылы Ленинград шаарындагы мамлекеттик университетин физик-математик адистиги боюнча артыкчылык менен аяктап, аспирантураны Москвадагы СССРдин Илимдер академиясында бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында баштап, ал жакта 20 жылдан ашык иштеген. Ошол эле маалда Кыргыз улуттук, Кыргыз-орус славян университетинде көп жыл окутуучулукту аркалаган. Андан сырткары, профессор атайын чакыртуу менен Нидерланддагы Технологиялык университетте үч жылдай иштеген жайы бар. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖоомарт Оторбаевдин атасы Кайып Оторбаев география илимдеринин доктору, окумуштуу болгон. Апасы Мария Нанаева 60 жылдан ашык агартуучулук тармагында иштеген өлкөнүн эмгек сиңирген дарыгери.
 Премьер-министр Кыргызской Республики Джоомарт Оторбаев провел совещание  - Sputnik Кыргызстан
Жоомарт Оторбаевдин атасы Кайып Оторбаев география илимдеринин доктору, окумуштуу болгон. Апасы Мария Нанаева 60 жылдан ашык агартуучулук тармагында иштеген өлкөнүн эмгек сиңирген дарыгери.

Мекенинен кетпеген Оторбаев. Физика-математика илимдеринин доктору кийин "Филипс Электроникс" корпорациясынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн аткаруучу директору, вице-президенти, 2006-2011- жылдары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын улук кеңешчиси болгон. Борбор калаада "The Times of Central Asia" газетасын негиздеп, чет элдик инвесторлордун "Ротари-клубунун" президенти болуп шайланган. Ал өзүнүн билимин, тажрыйбасын Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жумшап, чет өлкөлүктөрдүн чакыруусуна карабай ата мекенинен такыр кетпей тургандыгын айтып келет. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОторбаев 2014-жылдын 4-апрелинде премьер-министрлик кызматка отурган
Премьер-министр Оторбаев принял участие в I заседании Евразийского Межправительственного совета в Москве - Sputnik Кыргызстан
Оторбаев 2014-жылдын 4-апрелинде премьер-министрлик кызматка отурган

Талапты катуу койгон премьер. 2000-жылдардын башында саясатка аралышып, жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалай баштаган. Алгач ал президенттин чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү, Афганистанга экономомикалык жамдам көрсөтүү иштеринин атайын өкүлү болот. 2010-жылы "Ата мекен" партиясынан шайлоого катышып депутаттык мандат алган. Кийинки жылдары Кыргыстандын вице-премьери, биринчи вице-премьер жана 2014-жылдын 4-апрелинен тарта бир жыл өкмөт башчылыгын аркалап, талапты катуу койгон жетекчи катары элдин ээсинде калган. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСаясий жана коомдук иштерден тышкары обон созуп, лыжа тээп, топ ойноп турат
Премьер-министр Кыргызской Республики Джоомарт Оторбаев - Sputnik Кыргызстан
Саясий жана коомдук иштерден тышкары обон созуп, лыжа тээп, топ ойноп турат

Обон созуп, футбол ойногон… 200дөн ашык илимий макаланын автору премьер-министрлик кызматтан кеткен соң саясаттан оолак болууга аракет кылып келет. Ал бош убагында обон созуп, лыжа тээп, топ ойноп турат.

Беш баланын атасы. Үч тилде эркин сүйлөгөн коомдук ишмер эки кыз, үч уулду тарбиялап өстүргөн. Балдары чет өлкөдө билим алып түрдүү тармактарда иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0