Самара Каримованын Instagram баракчасын карап аткан кыз. Архивдик сүрөт

Instagram тармагында күйөрманы көп ырчы ким? Көз күйдүргөн тизме

2450
(жаңыланган 23:24 22.08.2018)
Instagram социалдык баракчасы кыргыз-шоу бизнеси өкүлдөрү арасында абдан популярдуу экендиги байкалат. Себеби ырчылардын той-маараке, концерт, гастролдогу жаңылыктары, а түгүл жашоосу менен дал ошол жактан таанышууга болот. Жүктөгөн постторуна караганда жарнамалык иштерди да көбүрөөк жүргүзөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Instagram тармагында эң көп катталуучусу бар 12 ырчыны тизмектеди.

Эң көп киши чогулткандарыныкы миллионго жакындап калган, орточо катталуучусу барлар 350-500 миңдин тегерегин түзөт, ал эми эң аз дегендер 70-80 миңден өйдө адам топтогон экен.

12. "Торгоюмду" катыра ырдагын Нурмат Садыров 519 миң катталуучунун көңүл чордонунда.

11. Шоу-бизнестеги жаш ырчылардын бири Айыма Айылчиева 528 кишини топтой алган.

10. Омарга 532 миң адам катталып, чыгармачылыгына көз жүгүртүп турат.

9. "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси, жеке ырчы Сайкал Садыбакасовага 545 адам катталган.

8. Жаш ырчылардын бири Аяна Касымова да социалдык тармакта автивдүү. Анын баракчасында 605 миң адам бар.

7. Учурдун эң популярдуу жаш ырчысы Мирбек Атабековго 617 миң адам жазылган.

6. Айпери Кубик кызынын 637 миң катталуучусу бар. Айпери куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыковдун кызы.

5. Коомчулукка "Нон-Стоп" дуэти аркылуу таанылган Чолпон Талипбек 649 миң адамды топтогон. Учурда ырчы жеке чыгармачылыгын улантууда.

4. Ырчы, алып баруучу Асель Кадырбекованын кадамын билип туруу үчүн 809 миң жазылган.

3. Жаштардын жүрөгүнөн терең түнөк тапкан ырчы, Асель Кадырбекованын жолдошу Нурлан Насипке 858 миң адам катталган.

2. Ар бир иши коомчулуктун назарына түшкөн ырчы, алып баруучу Анжелика тизмеде экинчи орунду камсыздайт. Анын 949 миң катталуучусу бар экенин билдик.

1. Самара Каримова 981 миң катталуучусу менен биринчи орунда турат. Эгерде күйөрмандары миллионго жетсе, кыргыз-шоу бизнеси өкүлдөрү арасында рекорд кое алат.

2450
Белгилер:
шоу-бизнес, каттоо, ырчы, Instagram, Анжелика Бекболиева, Нурлан Насип, Самара Каримова, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүңгүрөгөн тойлор! Салымбековдун уулунан Курсан Асановдун кызына чейин
Отунбаева — Ырыскан, Сатылганова — Күннур. Дагы кайсы белгилүүлөр ысымын чанган?
Лаборатория кызматкерлери. Архив

Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарып, ДССУда талапкер болуп катталды

7
(жаңыланган 21:13 22.09.2020)
Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Казакстан коронавируска каршы колдонулуучу вакцина иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна талапкер катары каттады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Аталган препарат ийнесиз колдонулуп, мурунга чачыла турганы белгиленет.

Иштеп чыгуу процессине катышып жаткан казакстандык профессор Кайсар Табынов учурда вакцина жаныбарларга сыналып жатканын билдирген.

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат. Анын ичинен үчөө клиникага чейинки сыноо стадиясында турса, бирөө ыктыярчыларга сынала баштаган.

7
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Казакстан, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты
Жайлоо. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

9
(жаңыланган 21:03 22.09.2020)
23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл менен Нарында 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү, 23-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жамгыр, кар, бийик тоолуу жерлеринде кар жаайт. Талас, Баткен облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +13...+18 градус болот.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +21...+23, Ош калаасында +24...+26 градуска көтөрүлөт.

9
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Күн сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы