Ош шаарындагы Курман айт. Архивдик сүрөт

Ош шаарынын казысы Курман айт намазы кайда окуларын айтты

290
(жаңыланган 23:01 19.08.2018)
Буга чейин муфтият Курман айт 21-августта белгиленерин айткан.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев жалпы имамдарга жыйын өтүп, айт намаздын борбордук аянтта окулуусу боюнча маалымат берди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын ди башкармалыгы буга чейин Курман айт 21-августта белгиленерин айткан.

Казынын имамдар менен жолугушуусу "Имам-аль Бухарий Алай" мечитинде болгон. Жыйында азанды өз убагында айтуу, жума хутбасын муфтият бекитекен тартипте окуу маселелери каралып, шаар казысынын орун басары Анасхан ажы Ташхужаев имамдардын кетирген кемчилдиктерине бир катар эскертүүлөрдү беришти.

290
Белгилер:
намаз, муфтият, Курман айт майрамы, Ош шаары
Тема боюнча
Курман айт күнү Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилет. Карта
Муфтият Курман айт намазынын программасын жарыялады