Эмчек эмбеген балдардын эмне кемчили болору айтылды

Жазылуу
Эмизүү аялдын төрөттөн кийинки тыңуусуна да оң таасир тийгизет.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Эне сүтүн татпаган ымыркай аллергия, астма, семирип кетүү сыяктуу дарттарга көбүрөөк кабылат. Бул туурасында Эне-баланы коргоо  боюнча улуттук борборунун балдарды туура тамактандыруу боюнча адиси Эркайым Кадыралиева билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта өң-келбетин сактайм деп баласын эмизүүдөн баш тарткан келиндердин саны арбууда.

"Бала эмизүү — ар бир эненин милдети. Түрдүү кошумча тамактардын пайда болушу менен ымыркайлар үчүн эң маанилүү болгон эне сүтүнүн берилбей калышы дүйнөлүк көйгөйгө айланып баратат. Кошумча тамак менен чоңойгон балдар эмчек эмген наристелерге караганда аллергия, астма, семирип кетүү сыяктуу дарттардан көбүрөөк жапа чеге турганын медицина аныктады", — деди Кадыралиева.

Адис акылдуу, күчтүү, ден соолугу чың улут тарбиялоодо баланы эмизүү этабы абдан маанилүү экенин белгилеп, эненин төрөттөн кийин тыңуусуна да оң таасир берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0