Курман айт күнү аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз на старой площади Бишкека
Айт-намаз на старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым аймактарда өткүн өтөт.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. 21-август күнү түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүйдө түндө +14…+19, күндүз +22…+27 градуска чейин көтөрүлөт. Таласта түндө +10…+15 градус жылуу болуп, күндүз +22…+27 градуска чыгат.

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жумага карата аба ырайы. Жамгыр жаайт, ысыктын күчү 34 градуска жетет
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнү +15…+20, күндүзү +25…+ 30 градус болот.

Ысык-Көлдө түндө +10…+15 градус, күндүз +18…+23 градус жылуу болот. Нарында түндө +8…+13, ал эми күндүз + 18… +23 болот.

Бишкекте түнкүсүн +16…+18, күндүз +23…+25, Ош шаарында түнкүсүн +17…+19, күндүз +28…+30 градус ысык болот.

Курман айт намазынын программасын Sputnik сайтынын материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0