Жээнбеков: ыйманыбыз жаштарды тарбиялап, адилеттүү коом курууга өбөлгө түзөт

Жазылуу
Өлкө башчы ажылык парзын аткарып жүргөн зыяратчылардын тилектери кабыл болуп, мекенге аман-эсен кайтып келишин тилеген.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчы Кыргызстандын ар бир жараны жан дүйнөсүн жаңыртып, бекем ыйман, адал эмгек менен аруу чөйрөдө бактылуу жашоого жетишин каалаган.

"Курман айт жаратканга жакын болууга, таза жашоого, кең пейилдикке жана кайрымдуулукка үндөйт. Ыйманыбыз келечектүү жаштарды тарбиялап, адилеттүү коомду курууга өбөлгө түзөт. Биз бүгүн жараткандан жакшылык суранабыз. Ушул улуу күнү баарыңыздардын аруу тилек, асыл максаттарыңыздар орундалсын. Өлкөбүздөгү улуттар аралык ынтымак, урмат-сый бекемделип, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн", — деп жазылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Ошондой эле Жээнбеков ажылык парзын аткарып жүргөн зыяратчылардын тилектери кабыл болуп, мекенге аман-эсен кайтып келишин тилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0