Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттен айт намазга жыгылды. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков совершил намаз по случаю Курман айта
Президент Сооронбай Жээнбеков совершил намаз по случаю Курман айта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курман айт мусулмандардын боорукерликке жана кайрымдуулукка үндөгөн майрамы.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттердин биринде Курман айт майрамына карата намазга жыгылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттердин биринде Курман айт майрамына карата намазга жыгылды
Президент Сооронбай Жээнбеков совершил намаз по случаю Курман айта - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттердин биринде Курман айт майрамына карата намазга жыгылды

Муфтияттан маалымдашкандай, өлкө башчы эртең менен 12-кичи райондогу Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан мечитке барган.

Жааган жамгырга карабай Бишкекте 25 миңден ашуун адам айт намазын окуду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жааган жамгырга карабай Бишкекте 25 миңден ашуун адам айт намазын окуду. Видео
Курман айт намазы өлкөнүн бардык аймактарында окулду. Бишкекте эски аянтка 25 миңден ашуун адам топтолсо, Оштун борбордук аянтына 13 миңге жакын киши келген.

Курман айт мусулмандардын боорукерликке жана кайрымдуулукка үндөгөн майрамы. Бул күнү курмандык чалынып, муктаждарга таратылат. Ошондой эле жакындарга көңүл буруп, көптөн бери көрүшө элек тууган-туушкандардан кабар алып коюу туура. Көзү өткөн ата-бабалардын арбагына багыштап куран окутуу — милдет.

Жаңылыктар түрмөгү
0