Бишкектин бир катар бөлүгүндө 22-август күнү жарык өчөт. Тизме

© REUTERS / Marco BelloОтключение электроэнергии в Маракайбо
Отключение электроэнергии в Маракайбо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын бригада көмөк чордондорду оңдоп, чубалгылардын тирөөчтөрүн орнотот.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Борбор калаанын "Чыгыш-5" кичи району менен сегиз көчөдө 22-августта электр жарыгы жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун сайтында жарыяланды.

Шаршемби күнү ишкананын жумушчулары көмөк чордондорду оңдоп, чубалгылардын тирөөчтөрүн орнотот.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

— 09.00-17.00 — Бөкөнбаев көчөсү (№245 үй);

— 09.00-18.00 — Чоң-Арык айылы (Мусулманкулов көчөсү), "Арча-Бешик" конушу (Нарын жана Садырбаев көчөсү). Ошондой эле Камск көчөсүнүн №10 үйүндө, 10-кичи райондун №9, 12, 16, 19 жана 17/1 турак-жайында жарык өчүрүлөт.

— 09.30-18.00 — "Чыгыш-5" кичи району (№23 жана 30 үйүндө). Андан сырткары, Чүй, Осмонкул, Древесный көчөлөрүндө жарык жок болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0