Жесир аял жоолук салбайт, очокко "байлабайт". Келин алган тарапка 6 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование дня города Бишкек
Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызда ак досторкондун чекесинде отуруп "ушул үйдөн уул үйлөп, кыз чыгар, келиниңдин кызматын көр" деп бата берет. Үйгө келин келгенде башыбызга баш кошулду деп сүйүнүп, ага аяр мамиле жасап, өз кезегинде бир топ тыюуларды да колдонушкан.

Келиндин келиши менен кайнененин колу узарган дешет. Ошол эле учурда бирөөнүн үйүнө бүлө болуп барган кыз орун-очок алганга чейин бир топ кыйналат. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет келин алган тарапка болбой турган нерселерин тизмектеди.

Церемония массового бракосочетания 50 молодежных пар - Sputnik Кыргызстан
Күйөө балага тиешелүү 5 "болбойт"
Жалгыз бой аял жоолук салбайт. Жолдошу менен ажырашкан, күйөөсү каза болуп калган же согончогу канабаган аялдар жаңы келген келиндин башына ак жоолук салбайт. Мындай жөрөлгөнү кадыр-барктуу, көп балалуу апалар жасаган. Бул алган келинибиз ошол байбичеге окшоп көшөгөсү көгөрүп, очор-бачар болуп жашасын деген ырым.

Жалгыз жөнөтпөйт. Жаңы келген келин орун-очок алганга чейин үйдөн алыс чыгарган эмес. Туугандары кастарлап келинди отко киргизип чакырат, ага чейин басып барбайт. Ошондой эле келинди ата-энесинин үйүнө жалгыз жөнөтпөйт. Төркүлөтүп баргандан кийин гана келин ата-энесиникине каттай берсе болот.

Кагып-силкпе. Каалашынча эркелеп, каалагандай басып-туруп жүргөн кыз бирөөнүн үйүнө бүлө болуп баргандан кийин көнө албай кыйналары айдан ачык. Элеңдеп өзү араң турган келинди кагып-силкип турсаңыз ал чөгүп кетиши мүмкүн. Андан көрө өз кызыңыздай көрүп акырын айтып, деп, билбегенин үйрөтүп койгонуңуз туура болот. Келе калып эле иштин баарын шыпылдап жасап кетет деген ойдон алыс болуңуз. Эстүү болсо өзү эле этекке чаптырбай алып кетет.

Очокко "байлап" койбойт. Жаңы келген келин алгач көшөгөдө отурат. Анын кызматына суусап турсаңыз дагы бир аз чыдап коюңуз. Тойдун эртеси эле көшөгөдөн сууруп чыгып шыпыргыны колуна карматып, бир чара идишти астына коюп, анысы аз келгенсип казан толо тамак жаса деп баарын жүктөп койсоңуз айласы кетип калат. Сөзсүз эле келиндин ишин бир күндө көрүш керек эмес да. Аман болсоңуз өмүрүңүздүн аягына чейин сиздин кызматыңызда болот. Жаңы келген келин көшөгөсүн көгөртүп отурсун. Сиз деле келин болгонсуз го. Болбосо өзүңүздүн кызыңызды да бирөөнүн үйүндө ушинтип жатканын элестетип көрүңүзчү.

Празднование Навруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мал сойбойт, атка жайдак минбейт! Аял кишиге карата 6 "болбойт"
Балаңдан кызганба. Кээ бир энелер уулун ушунчалык жакшы көргөндүктөн аны сүйүп алган жубайынан да кызганат. Келинчегине сураганын алып берип, барам деген жагына ээрчитип койсо "аялыңдын тилинен чыкпай калдың" деген сөздөр башталат. Минте берсеңиз улуңуз же өзүнүн апасын же келечектеги балдарынын апасын кыя албай ара жолдо калат. Келиниңизди кызганып жатып балаңыздын бактысын бузуп албаңыз. Жаш үй-бүлөнүн өз ара мамилесине кирише берүү дурус эмес.

Быт-чыттын баарын айта бербе. Жаңы келиндин көзүнчө үйдөгү арман-айыңды айтып, балдарды тилдеп уруша бербейт. Айрыкча анын күйөөсүн мурункудай эле тилдей берүү туура эмес. Уулуңуз келинчегинин алдында басынып калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0